21.12.2013, 15:47

Жалал-Абад облусунун керектөөчүлөрүнө 11 айда жалпы көлөмү 26 млн. 493 миң куб метр жаратылыш газы жеткирилген

Жалал-Абад, 21-декабрь /Анархан Жаңыбаева - Кабар/. Жалал-Абад облусунун керектөөчүлөрүнө үстүбүздөгү жылдын 11 айында жалпы көлөмү 26 млн. 493 миң куб метр жаратылыш газы жеткирилип берилип, анын ичинен 7 млн. 323 миң куб метри - Өзбекстандан, 19 млн. 170 миң куб метри “Кыргызнефтегаз” ААКнан камсыздалган. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурбек Женалиев билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата, пайдаланылган жаратылыш газына жалпы дебитордук карыз – 14635,1 миң сомду түзгөн болсо, анын ичинен коммуналдык отканалардын карызы – 11811,0 миң сом, калктын карызы – 2614,0 сом болсо, 210 миң сому коммуналдык ишканаларга туура келген.