Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/12 15:27
 

“Жалал-Абадэлектро” АКда пайдаланылган электр энергиясына карыз 198,3 млн. сомду түзөт


Жалал-Абад, 21-декабрь /Анархан Жаңыбаева - Кабар/.  Жалал-Абад облусунун электр тармактарында үстүбүздөгү жылдын 11 айында 1265,2 миң кВт-саат электр энергиясы пайдаланылып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 47,2 млн. кВт-саатка аз пайдаланылган. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурбек Женалиев билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, электр линияларын, трансформатордук подстанцияларды ремонттоо боюнча берилген тапшырмалар 100-105,7 пайызга аткарылган. Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында 6-10 кВ чыңалуудагы электр линияларында 121 авариялык өчүрүүлөр катталган.

“Оперативдүү маалыматтар боюнча 1-декабрга карата “Жалал-Абадэлектро” ААКда пайдаланылган электр энергиясына болгон жалпы дебитордук карыз – 198,3 млн. сомду түзүп, жыл башына салыштырмалуу 7,4 пайызга азайтылган. Жалпы дебитордук карыздын ичинен 65,6 млн. сому – мекеме-уюмдарга, 132,7 млн. сому – калкка таандык болгон”, - дейт Н.Женалиев.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу