Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
21/12 15:17
 

Жалал-Абад облусунда «Айыл Банк» тарабынан дыйкандарга 65 даана дөңгөлөктүү тракторлор кредитке берилди

Жалал-Абад, 21-декабрь /Анархан Жаңыбаева - Кабар/. Жалал-Абад облусу боюнча үстүбүздөгү жылы айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо иретинде КР Өкмөтү тарабынан жалпы суммасы 648,6 млн. сомдук 10 пайыздык жеңилдетилген кредиттер берилди. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу секторунун башчысы Абдикамал Суяров билдирди.
Анын берген маалыматына караганда, берилген кредиттердин ичинен: РСК банкы тарабынан 171,5 млн. сомдук «Айыл Банк» тарабынан 328,6 млн. сомдук, «КБ Кыргызстан» банкы тарабынан 69,8 млн. сом, «Залкар» банк тарабынан 24,5 млн. сом, KICB банкы тарабынан 54,1 млн. сомдук кредиттер товар өндүрүүчүлөргө берилген. Анын ичинен айыл чарбасына - 64,4 млн. сом, мал чарбасына – 579,6 млн. сом, ал эми кайра иштетүү тармагына – 4,6 млн. сомдук кредиттер берилди.
“Ошондой эле, “Айыл Банкы” тарабынан 65 даана дөңгөлөктүү жер айдоочу тракторлор 30 пайыз нак акчалай 70 пайызы насяга дыйкандарга 7 жылдык мөөнөт менен кредитке берилди”,- дейт А.Суяров.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу