Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/12 14:04
 

Жалал-Абад облусунда 11 айда 33619,2 млн. сомдук айыл чарба продукциялары өндүрүлдү

Жалал-Абад, 21-декабрь /Анархан Жаңыбаева - Кабар/. Жалал-Абад облусу боюнча 11 айда 33619,2 млн. сомдук айыл чарба продукциялары өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 102,6 пайызды түздү. Жылдын жыйынтыгы менен 34172,8 млн. сомдук айыл чарба продукцияларын өндүрүү күтүлүүдө.

КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу секторунун башчысы Абдикамал Суяров берген маалыматка караганда, облуста 1-декабрга карата мал чарба тармагында эт өндүрүү 50 миң тонна, сүт саап алуу 272 миң 365 тонна, жумуртка өндүрүү 49175 миң даана, жүн кыркып алуу 1964 тоннаны түздү. Бардык өндүрүлгөн продукциялар ашыгы менен алынган.

«Облус боюнча 248 миң 875 тонна дан, анын ичинен 69 миң тонна буудай, 9976 тонна арпа, 14 миң 104 тонна күрүч, 170 миң тонна жүгөрү жана 1524 тонна түрдүү дан эгиндери жыйналып алынды. Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрына карата 20 миң 720 гектарга күздүк буудай себилип, КР Өкмтөтүнүн берген тапшырмасы 86,7 пайызга аткарылган», - дейт А.Суяров.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу