30.11.2013, 17:27

Кыргызстанга Түркиядан ишкерлер келет

Бишкек, 30-ноябрь /Кабар/. Кыргызстанга 30-ноябрдан 2-декабрга чейин Түркиянын ишкер-делегациясы келет. Бул тууралуу 29-ноябрда КРдин Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы маалымдады.

Делегацияны Түркиянын палаталар жана биржалар союзунун президенти Рифат Хисаржыклыоглу жетектеп келет. Делегация курамында 80ге жакын адам бар.

Кыргыз-түрк бизнес-форуму 2-декабрда өткөрүлөт. Ага КРдин биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Экономика министри Темир Сариев жана башкалардын катышуусу күтүлүүдө.