Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
22/11 10:38
 

Кумтөрдүн токтотулушу Кыргызстандагы социалдык жарылууга алып келет

Бишкек, 22-ноябрь /Кабар/. Кумтөр долбоорун реструктризациялоонун тарыхый, экономикалык жана юридикалык өзгөчөлүктөрүн эске алып жана эксперттердин тыянагына таянып, Кыргызстандын кендеги үлүшүн 67 %га чейин жогорулатуу күмөндүү. Анткени Центерранын акционерлеринин эч кимиси жөн эле өздөрүнүн үлүшүн оңой менен бере койбойт, ал эми бул долбоорго катышкан айрым кызмат адамдары коррупцияга аралашкандыгын эч качан ачык моюнга албайт.

Мындай пикирин Кыргызстандын тоо-кен металлургдарынын кесиптик кошунунун борбордук комитетинин төрагасы, КР Мамлекеттик геологиялык агенттигинин коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Эльдар Тажибаев билдирди.
Эгер депутаттар өздөрү кабыл алган чечимден кайра артка кайтпаса, анда декабрдын соңунда Кумтөр долбоору боюнча баардык макулдашууларды жокко чыгарып, кенди улутташтырууга туура келет. Мындай кадам жасалган учурда атамекендик жана чет элдик адистердин пикиринде эл аралык соттордо көптөгөн жана узакка созулган беш жылга чейин созулган арбитраждык териштирүүлөргө туура келет. Мындай соттошуу учурунда ишкана токтотулат.

Анын кесепетинен «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКта иштеген 3600 жумушчу жана Кумтөр объекти менен келишим түзүп иштешкен подряддык уюмдардын иши токтойт. Мындан тышкары ишкананы тейлеген 700дөн ашык ишканалар киреше булагын жоготот. 30 миңден ашык адамдын социалдык-экономикалык абалы түздөн-түз Кумтөрдүн ишине көз каранды.
Ошондой эле Кумтөр долбооруна бюджетке которулуучу каражаттын токтотулушунан өлкөбүздөгү мамлекеттик кызматкерлер менен бюджеттик мекемелерде иштеген 115 миң адамдын маянасын төлөө үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Мамлекеттен жөлөкпул алган 415 миң аз камсыз болгондор жана 576 миң пенсионерлер да жабыркашы мүмкүн.

“Бул адамдардын нааразычылыгы ушундай ойлонулбай чечим кабыл алгандарга багытталат. Ошондуктан алар бул жагдайды унутпашы керек. Биринчи кезекте биздин урматтуу эл өкүлдөрү өз эли, өлкөбүздөгү социалдык-экономикалык жана саясый бейпилдик тууралуу ойлошу керек”,-деп айтылган Э. Тажибаевдин билдирүүсүндө.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу