Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
22/11 10:17
 

22-ноябрда ЖКнын депутаттары республикада суу менен камсыздоо маселелери боюнча семинар өткөрөт

Бишкек, 22-ноябрь /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Эсенгул Исаков менен Курмантай Абдиев 22-ноябрда Кыргыз Республикасынын суу менен камсыздоо жана суу өткөрүү маселелери боюнча Шотландияда болуп өткөн окутуу турунун жыйынтыктары жөнүндө семинар өткөрөт.Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Семинардын максаты-Кыргызстанда Шотландия тажрыйбасын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн жана суу менен камсыздоо, суу өткөрүү секторун өнүктүрүү боюнча келечектеги иш-чараларды талкуулоо болуп саналат.
Шотландияга болгон окутуу туру 2013-жылдын 1-10-ноябрь күндөрүндө АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан Айылдарды суу менен камсыздоо жана санитария боюнча экинчи долбоордун колдоосу астында уюштурулган.

Бул турдун катышуучуларынын белгилешинче, суу менен камсыздоо жана суу өткөрүү секторун уюштуруу жана башкаруу боюнча Кыргыз Республикасы үчүн Шотландиянын суу секторунун институционалдык түзүмү ийгиликтүү мисал болуп саналат. 
Турдун программасында тиешелүү обьектилерди кыдыруу, ошондой эле суу секторун башкарууда уюштуруу, мыйзам чыгаруу жана ишке киргизүү маселелерине обзор жасоо камтылган.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу