Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
04/11 15:39
 

Транспорт министрлиги оор жүк салмагына карата чектөөнү алып таштоого каршы

Бишкек, 4-ноябрь /Алтынай Мураталиева - Кабар/. Транспорт министрлиги оор жүк ташуучулар жүк салмагы 10 тоннадан ашпоосу тийиштигин билдирет. Бул туурасында бүгүн “КАБАР” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында аталган министрликтин статс-катчысы Максатбек Дыйканов билдирди.
Буга дейре Торугарт жана Ат-Башы райондорунда жүк ташуучулар арасында көйгөйлөр пайда болгон. “Негизинен маселелер бажы кызматына тийиштүү. Ал эми Транспорт министрлигине жүк салмагы боюнча кине коюлган. Алсак, оор жүк салмагы 10 тоннадан ашпоосу тууралуу талап бар, ал эми жүк ташуучулар аны алып таштоо талабы менен чыгууда . Бирок министрлик бул маселеге терс көз-карашта экендигин айта кетүү керек”, - дейт министрлик өкүлү.
М.Дыйканов билдиргендей, учурда Кыргызстандын негизги коридорлору жалпысынан иретке келтирилип, жолдордун абалы жакшыртылды. Аларга бир топ каражаттар салынды, эми аларды сактоо - биздин негизги милдеттердин бири. Эгерде жогорудагы чек алынып салынса, жолдордун абалына оор кесепети тийет”,- деп кошумчалады ал.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу