Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
25/10 18:16
 

Сауд Аравия өлкөсү Кыргызстандан жылына 1 млн кой сатып алууга ниеттенүүдө

 Бишкек, 25-октябрь /Кабар/. 23-октябрь күнү түштөн кийин Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Чынгысбек Узакбаев башында турган топ менен Сауд Аравиясынан айыл чарба министри мырза Фахад бин Сулейман Бельгунаим жетектеген делегациясынын иш сапары Кемин районундагы Орловка айылында «Алымсейит» кой чарбасында уланды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Аталган чарбада койлордун уяң жүндүү меринос породасы багылат. 400 тубар кой, 200 козусу бар. (Буга окшогон чарбалардын көп экенин белгилей кетүү абзел). 

Сауд Аравия Падышачылыгынын айыл чарба министри мырза Фахад бин Сулейман Бельгунаимдин сөзү боюнча, Сауд Арабия Судан, Сомалия, Уругвай жана башка сыяктуу өлкөлөрдөн жылына 7 млн тирүү кой сатып алат. Айрыкча Курман айт майрамына жана ажылык күндөргө карата.

Ошондой эле ал Кыргызстандын жаратылыш шарты мал чарбасын өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу экенин белгиледи.

Министр Ч.Узакбаев өз сөзүндө «Кыргызстандын кой чарбасы өнүгүп, жылдан жылга койлордун саны өсүүдө, жайыт инфраструктурасы оңдолсо, жакынкы жылдары эле мурунку СССР мезгилиндеги деңгээлге жетүү мүмкүнчүлүгү бар. Учурда Статкомитеттин маалыматы боюнча, катталган койлордун саны 5 миллиондон ашык болсо, катталбаганы менен 7 миллионго жетип калды. Алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча Сауд Арабия өлкөсү жылына 1 млн кой алуу ойлору бар. Мындай экспорттук жол ачылса, албетте, бул кой чарбасынын өнүгүүсүнө чоң өбөлгө болуп бермекчи»,- деди министр.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу