Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
24/10 17:52
 

Жергиликтүү көмүргө өтүү менен Бишкек ЖЭБи 1,3 млрд. сом үнөмдөдү

Бишкек, 24-октябрь /Кабар/. Жергиликтүү көмүргө өтүү менен Бишкек ЖЭБи 1,3 млрд. сом үнөмдөөгө жетишти. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААК билдирди.
Маалыматка ылайык, Өкмөттүн токтомунун негизинде Бишкек ЖЭБине 2013/2014-жылкы күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде 66 млн. кубометр жаратылыш газы керектелет. «Электр станциялары» Кара-Кече көмүрүн жагууга шарт түзгөн режимди иштеп чыкты. Ага ылайык, мындан ары Бишкек ЖЭБи кымбат отун болуп эсептелген газ жана мазутту колдонбой эле иштей алгандыктан, жай мезгилинде чыгымды 250 млн. сомго азайтууга шарт түзүлгөн.
Бул үчүн борбордук жылытуу борборунда отканаларда чаңды даярдоочу система кайра жасалып, оңдолуп чыккан. Анын натыйжасында отун жагуунун көлөмү жылына 175 миң тоннага чейин жогорулаган. Мындан ары компания жергиликтүү көмүрдү колдонууну көбөйтмөкчү. От жагуу тутумун өзгөртүү жылына көгүлтүр отунду 150 млн. кубометрден 50 млн. кубометрге чейин төмөндөтүп, чыгымдар да 1,3 млрд. сомго азайган.
Белгилей кетүүчү жагдай, «Кыргызгаз» ААКнын башкы директору Тургунбек Кулмурзаев Бишкек ЖЭБи 2014-жылдан тартып газдан баш тарта тургандыгын билдирген болчу.


 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу