Быйыл буудайдан былтыркыга караганда 317 миң тонна көп түшүм жыйналды
Бишкек, 24-октябрь /Кабар/. Быйылкы жылы республика боюнча 317 миң тонна буудай өткөн жылга караганда ашыкча жыйналды. Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин дыйканчылыкты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Аскарбек Сагынбаевдин берген маалыматына караганда, бул жылы түшүмдүүлүктүн арбын болушу жагымдуу аба ырайынын таасири менен байланыштуу.
"Октябрь айынын орто ченинде бардык дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгү аяктады. Жалпы 890, 2 миң тонна аштык жыйналып, бул былтыркыга караганда 317,5 миң тоннага көп болду",-деди Сагынбаев.
Белгилей кетсек, республика аймагында жалпы 346,5 миң гектар жерге буудай себилген.