Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
19/10 13:25
 

Ж. Оторбаев Корея Республикасынын жетекчилиги менен кызматташтыкты чыңдоонун жолдорун талкуулады

Бишкек, 19-октябрь /Кабар/. 18-октябрда КР Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Корея Республикасынын жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.
Жоомарт Оторбаев ушул жылдын ноябрь айына пландаштырылган КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин Корея Республикасына иш сапарын өлкөнүн Президенти Пак Кын Хе жана премьер-министр Чон Хон Вон менен талкуулады.
Андан соң ал стратегия жана каржы министринин милдеттерин да аткарган Вице-премьер-министр Хен О Сок менен жолукту.
Ж. Оторбаев Кореянын вице-премьер-министрине бүгүнкү күндө Кыргызстанда кичи жана орто бизнес тармагында алектенген 250 кореялык ишкерлер иштеп жаткандыгын маалымдады.
«Тилекке каршы Кыргызстанда ири кореялык компаниялар жок. Анткен менен Корея Казакстан жана Өзбекстандын экономикасына инвестицияны жигердүү чегерүүдө. Кореялык инвесторлор аймакты жакшы билип калышты жана Кыргызстанга бизде кызматташтыктын ийгиликтүү мисалдары бар экендигин эске алып, келишсе болмок», - деди Оторбаев.
Хен О Сок кызматташууга даяр экендигин билдирди жана Кореянын алдыңкы эксперттери менен консультанттарына өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга жардам берүүнү сунуштады.
«Биз өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бир гана каржылык көрсөтүүгө эмес, эксперттерибиздин ар кайсы чөйрөлөрдөгү тарыхы жана ийгиликтери менен бөлүшүүгө даярбыз», - деди Хен О Сок.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу