Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
19/10 11:29
 

Улуттук статком республика аймагында мал чарбачылык продукциясын өндүрүү көлөмү жогорулагандыгын белгилейт

 Бишкек, 19-октябрь /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карта республика аймактарында мал чарбачылык продукциясын өндүрүү көлөмү жогорулагандыгы байкалууда, ал эми Ысык-Көл, Жалал-Абад, Чүй жана Ош облустарындагы көрсөткүчтөр өзгөчө өскөн. Бул туурасында 18-октябрдагы Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.
Республиканын чарбалары тарабынан 255,6 миң тонна эт продукциясы, 1 млн 106,1 миң тонна сүт жана 330,1 миң даана жумуртка өндүрүлгөн.
Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу мал жана куш этин өндүрүү - 1,4%, сүт өндүрүү - 1,9%, жумуртка өндүрүү - 2%, ошондой эле жүн өндүрүү 2,2% жогорулап, бул мал жана үй канаттууларынын саны жогорулагандыгынан кабар берет.
Бирок бир уйдан орточо сүт саап алуу көрсөткүчү 2012-жылдын январь – сентябрь айына салыштырмалуу 6 кг. га азайса, ал эми бир тооктон жумуртка алуу 4 даанага кыскарган.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу