Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
19/10 10:03
 

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев КЭРдин Кыргызстандагы элчиси Ци Даюйди кабыл алды

Бишкек, 19-октябрь /Кабар/. 18-октябрда КР Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жана Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ци Даюй КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин ушул жылы сентябрда Бишкекке жасаган мамлекеттик иш сапары учурунда кол коюлган документтерди иш жүзүнө ашыруу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.
Ж.Сатыбалдиев Кыргызстан менен Кытайдын мамлекет башчыларынын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү жана кеңейтүүгө арналган бир катар маанилүү макулдашууларга жетишилгендигин белгиледи.
«Эки өлкөнүн кызыкчылыгына толук жооп берген Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк орнотулду. Бүгүн Өкмөт Президент Алмазбек Атамбаев менен КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин ортосунда макулдашылган келишимдерди иш жүзүнө ашыруу үчүн активдүү иштерди жүргүзүүдө», - деди Премьер-министр.
Ж.Сатыбалдиев келерки жылдан тартып «Түндүк-Түштүк» альтернативалык жолун куруу башталарына ишеним билдирди. «Азыркы учурда «Талды-Булак - Солжээк» алтын кенинде курулуш иштери жетишээрлик динамикалуу темп менен жүрүүдө, «Иштамберды» алтын кенинде өндүрүш иштери жанданды, жакынкы мезгилде Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүү күтүлүүдө. Биз кытайлык инвесторлорду айыл чарбасына, энергетикага, транспорт жана коммуникацияга инвестицияны активдүү чегерүүгө чакырабыз. Ошону менен катар биз өнөржай зоналарын түзүүгө кызыкдарбыз», - деди Ж.Сатыбалдиев.
Өз кезегинде Ци Даюй эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү түзүү кыргыз-кытай мамилелериндеги чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачкандыгын белгиледи. «КЭР Төрагасы Си Цзиньпин өзүнүн Кыргызстанга жасаган мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгын жогору баалады. Бишкекте өткөн ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин XIII-жыйыны өтө жогорку деңгээлде уюштурулду», - деди элчи.
Ци Даюй Премьер-министрди КЭР Өкмөтү Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн баардык зарыл жардамдарды көрсөтүүнү уланта тургандыгына ишендирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КЭР Төрагасынын Кыргызстанга жасаган мамлекеттик иш сапарынын учурунда кол коюлган документтерди акырындап ишке ашыруу боюнча биргелешип аракет кылууну макулдашышты.


 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу