Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
31/08 13:51
 

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев: Нарын облусунда кичи жана орто бизнес өнүгө баштагандыгы көрүнүп турат

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев: Нарын облусунда кичи жана орто бизнес өнүгө баштагандыгы көрүнүп турат

 Бишкек, 31-август /Кабар/. КР Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Нарын облусуна жасаган жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кош-Дөбө айыл округундагы Кара-Жаз айылында болуп, жыл сайын өткөрүлүүчү “Нарын облусунун мыкты айыл округу” аттуу конкурстун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөт Аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.
Аталган айылда Кочкор районунда өстүрүлгөн жашылча-жемиштердин жарманкеси уюштурулду. Премьер-министрге ошондой эле райондун аймагында жасалган эмеректер менен пластикалык терезелердин үлгүлөрү көрсөтүлдү.
Көргөзмөнү кыдыруу учурунда Ж. Сатыбалдиев Нарын облусунда картошка менен алмадан башка эч нерсе өспөйт деген түшүнүк эскирип калгандыгын белгиледи. “Бүгүн Нарын облусунда жашылчалардын баардык түрлөрү, анын ичинде помидор жана бадыраң өсөт. Мунун баары аймакта кичи жана орто бизнес өнүгүп, парникти пайдалануу колго алынып жаткандыгын билдирет. Мага берилген маалымат боюнча, облустта өндүрүлгөн жашылчаларды жаңы парниктердин аянтын кеңейтүү менен жогорулатуу пландаштырылууда. Жакынкы мезгилде орто өлчөмдөгү дагы эки парник жасоо пландаштырылууда”, - деди ал Өкмөт агробизнести өнүктүрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтө тургандыгын белгилеп.
Айылдыктарга кайрылып сүйлөгөн сөзүндө Премьер-министр акыркы жылдары Нарын облусунда жергиликтүү бийликтердин жетекчилигин демилге көрсөтүүгө, элди маанилүү коомдук иштерди аткарууга мобилизациялаган “Облусттун мыкты айыл округу” конкурсу жандуу өткөрүлүп жаткандыгын белгиледи.
Андан ары Өкмөт башчы Кара-Күңгөй округунда болуп, жергиликтүү жашоочулар менен жолукту жана суткалык өлөмдөгү бассейндин абалы менен таанышты.
Ушул жылы жазында сел агымы бул суу бассейнинин борбордук бөлүгүн жууп кетип, мындан тышкары 200 метрге жакын ирригациялык канал жарактан чыккан. Бул бассейндин көлөмү 100 миң кубометрди түзүп, 2500 гектардан ашык аянт сугарылат.
Эл менен жолугушуунун жүрүшүндө Ж.Сатыбалдиев КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине суук түшкөнгө чейин бассейнди тазалоону тапшыргандыгын белгиледи. Анткени селден улам көлөмү 1 млн. тоннага жакын топурак, шагыл толуп калган. Бул суу бассейнин тазалоого 10 млн. сомго жакын каражат керек.


 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу