Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
09/08 11:02
 

КР Премьер-министри Ж. Сатыбалдиев куруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Бишкек, 9-август /Кабар/. КР Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев республикабыздын куруучуларын кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Куттуктоо текстинде мындай деп айтылат:
“Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу куруучулар!
Кыргызстандын миндеген куруучулар жамаатын кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Куруучулар күнү – эң бир сыймыктуу, тынчтыкты сүйгөн кесип ээлеринин майрамы. Бүгүнкү бул майрамды жалпы куруучулар жамаатынын өкүлдөрү болгон: архитекторлор, долбоорчулар, куруучулар, дизайнерлер жана курулуш комплекси менен байланышта эмгектенгендердин баардыгы белгилеп жатат.
Кыргызстандын курулуш комплекси кубаттуу ресурстарга ээ. Анын иш аракеттери көпчүлүк учурда экономикадагы жана социалдык тармактагы позитивдүү жылышты аныктайт.
Жылдан жылга турак жай курулушунун темпи өсүп жогорулоодо. Өнөр жай курулуш тармагы активдүү өнүгүүдө, социалдык объектилер түптөлүп, жеке турак үйлөр жана ооруканалар кайрадан курулууда. Жаны мектептер, балдар бакчалары жана жолдор салынууда.
Бүгүн эң жылуу алкоо сөздөрдү, өздөрүнүн ак эмгеги менен Кыргызстандын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүп, өндүрүштүк потенциалды сактап жаштарга алдыңкы кесиптик салттарды тартуулаган курулуш комплексинин ардагерлерине айткым келет.
Урматтуу куруучулар! Республикабызда сиздердин эмгегиңиздер менен аз эмес жумуштар жасалды, бирок мындан да көп жумуштарды жасообуз керек. Алдыда коюлган милдеттерди аткаруу үчүн сабаттуу жана кесипкөй мамилени талап кылган иштер көп. Бизден мурдакылардын көөнөрбөс салттарын сактап жана көбөйтүү менен, алдынкы технологияларды, келечектүү иштелмелерди жана оригиналдуу конструктордук чечимдерди жайылтып, республикабыздын куруучулары мындан ары да социалдык программаларды турмушка ашырууну камсыз кыларына ишенем.
Кыргызстандын курулуш комплекси тармагындагы эмгектенгендердин баардыгына республикабыздын калкынын жыргалчылыгы үчүн жасап жаткан ишиңиздерде чын көңүлүмдөн чыгармачылык ийгилик тилеймин. Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай, бекем ден- соолук, бакубатчылык каалаймын.
Сиздердин жасаган натыйжалуу эмгегиңиздер Мекенибиздин гүлдөп өнүгүшүнө кызмат кылсын!
Сиздерди урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри Ж. Ж. Сатыбалдиев”.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу