Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
06/08 08:52
 

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев 2014-2016-жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууну кайрадан тапшырды

Бишкек, 6-август /Кабар/. 5-августта КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев КР 2014-2016-жылдарга карата республикалык бюджетинин долбоору боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр 2014-2016-жылдарга карата бюджеттин долбоорун кылдат окуп чыккандан кийин документте Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү заводду, «Талды-Булак Сол жээк» жана «Иштамберди» алтын казуучу кендердин ишке берилишинен кийин түшчү пландаштырылган салык кирешелери эске алынбагандыгын байкагандыгын белгиледи.

Бул жагдайга байланыштуу Ж.Сатыбалдиев Каржы министрлигине, Экономикалык өнүгүү министрлиги жана КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте ишке берүү пландаштырылган ишканалардан түшүүчү бардык салык кирешелерин эсептеп чыгууну тапшырды.

Маалымат үчүн: 2014-жылы ИДПнын көлөмү 401 млрд сом суммасында пландаштырылууда, 2014-жылга 463 млрд сом жана 2016-жылга – 524 млрд сом божомол берилген. 2014-жылга ИДПнын реалдуу өсүшү 7% деңгээлинде пландаштырылган, 2015-жылы бул көрсөткүч 8,3%, ал эми 2016-жылга – 7% деңгээлинде каралган.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу