Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
03/08 13:04
 

Кыргызстанда эч ким электр энергиясы боюнча лимитти сактаган эмес

 Бишкек, 3-август /Кабар/. Өкмөттүн 2013/2014-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдануу боюнча токтомунда бекитилген 2013-жылдын апрель – июнь айларындагы электр энергиясын колдонуу боюнча лимит сакталган жок. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин берген маалыматына ылайык, республика боюнча электр энергиясын ашыкча колдонуу 51 млн кВт саатты түзгөн. Аймактар боюнча алып караганда электр энергиясын ашыкча колдонуу мындай: Чүй облусу - 31,8 млн кВт саат, Бишкек шаары - 12,1 млн кВт саат, Талас облусу - 9,8 млн кВт саат, Ош облусу - 29,9 млн кВт саат, Ысык-Көл облусу - на 5,7 млн жана Жалал-Абад облусу - 5,2 млн кВт саатты түзгөн.
Белгилей кетсек, өкмөттүн токтомуна ылайык, электр энергиясын колдонуу боюнча лимит бюджеттик уюмдар жана мамлекеттик компаниялар сакташ керек.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу