Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
03/08 12:48
 

Электр энергияны иштеп чыгуу I жарым жылдыкта 9%га азайган

Бишкек, 3-август /Кабар/. Кыргызстандын ГЭСтеринде 2013-жылдын I жарым жылдыгында 7,21 млрд кВт саат электр энергия иштелип чыккан. Бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 91%ды түзөт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Электр энергияны иштеп чыгуунун азайышын январь – март айларында абанын жылуу болуусу менен түшүндүрүшүүдө. Ушундан улам суу аз болгондуктан Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн сактоо үчүн электр энергияны экспорттоо азайган.
Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бөлүштүрүүчү компанияларга 5,91 млрд кВт саат келип түшкөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 236 млн кВт саатка аз. Колдонуучуларга 4,82 млрд кВт саат берилген.
Бөлүштүрүүчү компаниялардын электр энергиясын жоготуусу 1,09 млрд кВт саат же 18,2%. 2012-жылы электр энергиясынын жоготуусу 20,7% болгон.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу