Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
29/07 18:39
 

Бажы союзуна кирүү боюнча Кыргызстандын жол картасы 15- августта кабыл алынат

 Бишкек, 29-июль /Кабар/. Бажы союзуна кирүү үчүн Кыргызстандын жол картасынын акыркы варианты 15- августта, документтерди даярдоо боюнча жумуш топтун 7-отурумунда кабыл алынат. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда КР экономика министринин орун басары Олег Панкратов билдирди.
Анын айтымында, учурда жол картасынын жыйынтыктоочу этабы иштелип жатат. Акыркы варианты даяр болгон соң документ Бажы союзуна кирген мамлекеттердин жетекчилеринин кароосуна жөнөтүлөт.
Кийинки күнү, тактап айтканда 16- августта Москвада вице-премьер-министрлердин катышуусунда Евразия экономикалык шериктештигине кирген мамлекеттердин экономикалык кеңешинин отурумунда жол картасы алардын кароосуна алынып чыгат.
"Эгерде ал жерден колдоо тапса болжол менен октябрь же декабрь айларында Евразия экономикалык шериктештигине кирген мамлекеттердин өлкө башчыларынын отурумунда жол картасы кабыл алынат", - деди О. Панкратов.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу