Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/07 11:54
 

Татьяна Ким: “Республикалык бюджет социалдык гана болбостон, анын көп бөлүгү экономиканын өсүшүнө багытталышы керек”

Бишкек, 17-июль /Махабат Момуналиева - Кабар/. Кыргызстанда салык жана бажы төлөмдөрүнүн ортосунда айырмачылык жылдан жылга жогорулоодо. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жарым жылдыгы боюнча уюштурулган коллегияда эксперт Татьяна Ким билдирди.

Анын айтымында, ага салыктык төлөмдөрдү каттоодогу кемчиликтер себеп болушу ыктымал. 

“Бизде салыктык эмес төлөмдөр жогорулоодо, анын себебин аныктоо керек. Республикалык бюджеттин негизги бөлүгү, бул 18 миллиард сом социалдык багытка жумшалууда. Мындай бөлүштүрүү мүмкүн эмес, биз социалдык секторго гана иштеп жатабыз, анын чыгымы жыл сайын жогорулоодо”, - деп айтты эксперт.

Ал жалаң гана социалдык тармакка иштебестен, биз экномиканын өсүшүнө багыт алышыбыз зарыл экендигин билдирди.

Өз отчетунда экономика министринин орун басары Санжар Муканбетов, бюджеттин басымдуу бөлүгү социалдык секторго багытталаарын, бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбү бажы төлөмдөрүнө тийиштүү экендигин айткан.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу