Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
15/07 09:51
 

Эксперттер Кыргызстандагы макроэкономикалык кырдаалдын маселелерин жана келечегин талкуулашат

Бишкек, 15-июль /Кабар/. 17-июлда Бишкекте “Кыргызстандагы макроэкономикалык кырдаал: маселелери жана келечеги” темасында тегерек үстөл өтөт. 

Жыйында Кыргызстандан макроэкономикалык божомолу кандай? Дүйнөлүк экономикалык тенденциялар кыргыз экономикасына кандай таасир берет? Кыргызстандын макроэкономикалык божомолу дүйнөлүк рыноктун ар кыл өзгөрүүлөрүнүн эсебинен кантип түзөтүлүшү керек? деген суроолор талкууланат.

Талкууга Экономикалык клубдун мүчөлөрү, көз карандысыз эксперттер, мамлекеттик органдардын, академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү ошондой эле экономика министри Темир Сариев катышат.

Негизги баяндамачы катары КРнын Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын жетекчиси Насирдин Шамшиев баяндама менен чыгат.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу