Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
22/06 14:40
 

2013-жылдын 5 айында «Түндүкэлектр» ААК өз убагында төлөбөгөн 91 миңден ашуун абоненттерди өчүрдү

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. 2013-жылдын 5 айында «Түндүкэлектр» ААК өз убагында төлөбөгөн 91 миңден ашуун абоненттерди өчүрдү. Бул туурасында ведомстводон маалымдашат.
ААК маалыматына ылайык, 2013-жылдын 5 айында 2 миң 670 рейд жүрүп, электрди пайдалануу эрежелерин бузган 127 өнөр-жай абоненттерине 6 млн. сомго акты жазылган; дагы 3 миң 493 турмуш-тиричилик абоненттерине 11 млн. сомго жакын суммадагы акты жазылган. Ал эми өз убагында төлөбөгөн 91 миңден ашуун абоненттерди жарыктан өчүрдү
Жоготууларды төмөндөтүү жана энергиянын эсеп тутумун жакшыртуу максатында 2013-жылдын башынан бери карай «Түндүкэлектр» 6 миң 877 эсептегичти имарат тышына чыгарып, 5 миң 533 эски жабдууну жаңы электр эсептегичтерге алмаштырган.
Иш-чаралардын натыйжасында көрсөтүлгөн мезгилде ААК акча төлөмдөрүн чогултуу 21 миллион сомго жогорулаган, ал эми жоготуулар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,6 пайызга төмөндөгөн.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу