Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
22/06 14:15
 

Жалал-Абад облусунда кичи жана орто бизнес ишканалар өндүргөн продукциялардын көлөмү 5 айда 392 млн. 602 миң сомду түздү

 Жалал-Абад, 22-июнь /Анархан Жаңыбаева - Кабар/. Жалал-Абад облусу боюнча кичи жана орто бизнес ишканалар өндүргөн продукциянын көлөмү 2013-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча 392 млн. 602 миң 800 сомду түзүп, 2012-жылдын январь-май айына салыштырмалуу 79,1%га, же болбосо 103 млн. 736 миң 900 сомго аз аткарылган.
КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн экономика, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси Барчынбек Жантороевдин берген маалыматына караганда, мунун себеби - Аксы районундагы «Молочная» кичи ишканасы акча каражаттын жоктугуна байланыштуу убактылуу токтоп турат. Базар-Коргон районундагы «Гулам-Ата» ЖЧК пахта буласын чыгаруучу ишкана сырьенун жоктугунан жана сезондук негизде иштегендиктен токтоп турушу болууда.
«Ошондой эле, Сузак районундагы көмүр өндүрүүчү кичи ишканалар жаздын эрте келишинен, өткөн жылга салыштырмалуу аз көлөмдө көмүр өндүргөн. Жалал-Абад шаарындагы «Металлоизделия» кичи ишканасы өткөн жылга салыштырмалуу продукцияны аз өндүргөн. Кара-Көл шаарындагы «Нурлан-Алко» ЖЧКсы акча каражаттын жана өндүрүлгөн продукцияга керектөө талабы жоктугунан токтоп турат», - дейт Б.Жантороев.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу