Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
15/06 13:55
 

Экономика министрлиги жайкы коррупцияга каршы мектеп уюштурат

Бишкек, 15-июнь /Кабар/. КРнын Экономика министрлиги 17-21-июнда “Коррупцияны алдын-алуу: мамлекеттик башкаруу тутумунда натыйжалуу чараларды кабыл алуу жана киргизүү” темасында жайкы коррупцияга каршы мектеп өткөрөт. Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк банктын “Экономикалык башкаруу тармагында мүмкүндүктөрдү өстүрүү” долбоорунун колдоосунда өтөт. 

Анын максаты коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык тажрыйбасын жана аны ата мекендик тажрыйбада колдонуу мүмкүндүгүн үйрөнүү. Бул мектепти өткөрүүнүн зарылдыгын коррупцияга каршы саясатты ишке ашырууга жоопкер мамлекеттик кызматкерлердин коррупция жана маморгандарда ага каршы күрөшүү усулдары боюнча кеңири билим алуу муктаждыгынан келип чыкты.

42 мамлекеттик органдан кызматкерлер катышат. Ошондой эле жайкы мектепте лекция окууга, мастер-класстарды, башка окутуунун интерактивдик түрлөрүн өтүүгө жергиликтүү, эл аралык эксперттер чакырылган. Россия Трансперенси-Интернешнл изилдөө борборунун директору Антон Поминов, Грузиянын премьер-министринин кеңешчилер тобунун жетекчиси, мурдагы каржы министринин орун басары Вахтанг Лежава мастер-класс өтүшөт.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу