Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
15/06 11:18
 

Кумтөрдө электр энергиясы өчүрүлгөндө 60 кг. алтын калдыкка кошулуп кеткен

Бишкек, 15-июнь /Кабар/. Май айында Кумтөр кенине байланыштуу өткөн митингде жергиликтүү жашоочулар тарабынан эки ирет электр энергиясынын өчүрүлүшүнөн техника токтоп, 60 килограмм алтын кайра иштетилбей калдыктарга кошулуп кеткен. Ал эми мындай акциянын кесепетинен жалпы чыгым 4 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу 14-июнда Ысык-Көлдө Кумтөр кениндеги абал менен таанышуу үчүн барган биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.
“Кумтөр жергиликтүү жумушчуларга жылына 200 миң доллар айлык төлөйт. Мындан сырткары бир катар жергиликтүү фирмалар Кумтөрдү тейлейт. Анын өлкө бюджетине кошкон салымы чоң. Ошондуктан бул ишкананын ишин токтотпогонго аракет кылышыбыз керек”,- деди Ж. Оторбаев.
Ж. Оторбаевдин маалыматында, “Кумтөр Оперейтинг Компани” мамлекеттик казынага салык түрүндө жылына 6 млрд. сом төлөйт. Бул өлкө бюджетинин 6% ын түзөт.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу