Ж. Сатыбалдиев: Митингдерден 4 млн. доллар зыян келтирилди
Бишкек, 1-июнь /Кабар/. Бул тууралуу КР Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндө билдирди. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Аймактын жашоочулары менен жолугушууда Жантөрө Сатыбалдиев «Кумтөр оперейтинг Компани» компаниясына акыркы митинг жана башаламандыктардын жүрүшүндө келтирилген зыян 4 млн. АКШ долларын түзгөндүгүн белгиледи.