Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
28/05 17:50
 

Швейцария Кыргызстанга экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүүдө чыгымын төмөндөтүүгө көмөк берет

Бишкек, 28-май /Кабар/. КР Мамлекеттик бажы кызмат төрагасынын биринчи орун басары Замирбек Малабеков Швейцария Конфедерациясынын экономика маселеси боюнча мамлекеттик катчылыгынын программалык менеджери Иренке Кроне жана КР Швейцария Конфедерациясынын элчилигинин кызматташуу боюнча директорунун орун басары Реми Дуивен менен жолугушту. Бул туурасында ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Швейцария тараптын маалыматы боюнча, Швейцария Конфедерациясынын экономика маселеси боюнча мамкатчылыгы тарабынан КР Өкмөтүнө экспорт өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүүдө чыгымын төмөндөтүү үчүн процедураларды жөнөкөйлөтүү маселесинде көмөк көрсөтүү мүмкүндүгү каралууда.

Жолугушуу учурунда Кыргызстан жана Швейцария Конфедерациясынын Бажы кызматтары ортосунда эки тараптуу кызматташуу, ошондой эле швейцариялык тараптын техникалык колдоосу астында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселесин талкуулоо жүрдү.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу