Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
22/05 18:34
 

Премьер-министр Ж. Сатыбалдиев Азия Өнүктүрүү Банкынын вице-президенти Сяоюй Чжаону кабыл алды

 Бишкек, 22-май /Кабар/. 22-майда КР Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Азия Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) вице-президенти Сяоюй Чжао менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Премьер-министр АӨБ Кыргызстандын негизги донору болуп саналарын жана бул каржы институтунун өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүндөгү маанилүү ордун белгиледи.
«Өкмөттүн алдына өлкөнүн ИДПсын 2017-жылга карата эки эсе жогорулатуу тапшырмасы коюлган. 2013-жылдын алгачкы 4 айынын жыйынтыгы биз туура багытта бара жаткандыгыбызды көрсөттү. Мамлекеттик мүлктү башкаруу жакшырды», - деди Ж.Сатыбалдиев.
Өз кезегинде Сяоюй Чжао АӨБнүн жаңы президенти Кыргызстан менен кызматташтыкка чоң маани бере тургандыгын белгиледи. «АӨБнүн Кыргызстан менен 2013 жана 2017-жылдарга эсептелген кызматташтык программасы Улуттук туруктуу өнүгүү программасына дал келет. Бул жагдайга байланыштуу АӨБ эки тараптын программасында көрсөтүлгөн биргелешкен долбоорлорду синхрондук ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр», – деди АӨБнүн вице-президенти.
Сяоюй Чжао Кыргызстандын экономикасында жыл башынан бери жакшы жагдай байкалып жаткандыгын канааттануу менен белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР Өкмөтүнүн демилгеси менен эртең Бишкекте өтө турган мамлекеттик-менчик өнөктөштүк боюнча форумдун маанилүүлүгүн белгилешти.


 

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу