Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
22/05 16:26
 

Кыргызстанда жыл сайын 800 миң тоннага жакын жашылча өндүрүлөт

Бишкек, 22-май /Айгерим Мамбетова - Кабар/. Кыргызстанда жыл сайын 800 миң тоннага жакын жашылча өндүрүлөт. Бул туурасында КР айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгыз Узакбаев бүгүнкү «Айыл-Агро 2013» форумунда билдирди.

Анын айтымында, республикада жашылча өсүмдүгүнүн 20дан ашык түрү өстүрүлөт. “Бүгүнкү күндө өндүрүлгөн жашылчанын 10%ы гана кайрадан иштетилет. Калганы чийки түрүндө кетүүдө»,- деди Ч.Узакбаев.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, ар жыл сайын Кыргызстандын этине болгон суроо-талап өсүүдө. Учурда эттин негизги бөлүгү Казакстан, Иран жана Афганистанга экспорттолууда.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу