Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
22/05 16:01
 

“Айыл-Агро” эл аралык көргөзмөсүнө коюлган Таластын сүт азыктарын кардарлар талап алышууда

“Айыл-Агро” эл аралык көргөзмөсүнө коюлган Таластын сүт азыктарын кардарлар талап алышууда

 Бишкек, 22-май /Кабар/. Учурда Таластан келген 200дөн ашуун фермерлер жана дыйкандар Бишкекте өтүп жаткан “Айыл-Агро” эл аралык көргөзмөсүнө катышып жатышат. Бул тууралуу Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Мухамеджан Суранчиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтуусунда, таластык дыйкандар бул көргөзмөгө Таластын негизги брэнди болгон төө буурчактын 9 түрүн, картошканын 4 түрүн жана жашылча-жемиштердин баардык түрлөрүн алып келишкен. Таласта иштеп жатышкан 4 сүттү кайра иштетүүчү ишканалар өзүлөрүнүн сыр, каймак, быштак жана башка продукцияларын көргөзмөгө коеру менен аларды сатып алуучу кардарлар да көбөйдү.

Көргөзмөгө катышкан өкүлдөрдү жетектеп келген КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиеванын айтымында, бул көргөзмө республикабыздын жалпы дыйкандары үчүн абдан пайдалуу болууда. Кардарлар сүттөн жасалган азыктардын сапаттуулугуна көңүл бөлүшүп, аны чоң кызыгуу менен сатып алышууда.

“Биз телефон аркылуу Таластан дагы кошумча продукцияларды алып келгиле деп айтып жатабыз. Мынчалык сатып алуучулар көбөйүп кетет деп ойлогон эмеспиз”, - деди Талас шаарындагы “Өзөн Ата” сыр заводунун директору Бакыт Тууганбаев.

Ал эми чет элден келген меймандар Таластын төө буурчагына кызыгышууда. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Таластын төө буурчагын 21 чет мамлекеттер сатып алышууда. Төө буурчакты даярдап, экспорттоодо 50дөн ашык жеке фирмалар жана ишкерлер иштеп жатышат. Учурда төө буурчактын бир килограммы 60 сомдон ашты.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу