Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
22/05 15:41
 

Константин Бабкин: “Биз Кыргызстанда айыл чарба техникасын калыбына келтирүүгө даярбыз”

Бишкек, 22-май /Роман Гайнанов - Кабар/. “Биз Кыргызстанда айыл чарба техникасын калыбына келтирүүгө даярбыз”, - деп билдирди бүгүн Бишкектеги маалымат жыйында Росагромаш ассоциациясынын президенти К.Бабкин. 
Анын айтымында, Кыргызстандын аймагында орус тилин билүү КРда Россиянын каржылык инвестицяларынын чечүүчү факторлорунун бири катары саналат.

“Кыргызстанда орус тилин мыкты билишет. Бул өлкөнү Россия тараптан инвестиция салууга жагымдуу кылат. Өлкөдө айыл чарба техникасын өндүрүп баштоо маселеси каралып жатат. Бирок азырынча объективдүү маселелер бар. Бул тармактагы салыктык чогултууларды карап чыгуу керек.

Техникага болгон суроо-талап жогору , бирок рынок чоң эмес. Жылына бир нече гана комбайн талап кылынат – бул аз. Рынок кеңейүүсү менен башка экономикалык маселелер да чечилет. Менимче, биз Кыргызстанда айыл чарба техникасын чогултууну жана өндүрүүнү калыбына келтиребиз”, - деп баса белгиледи Росагромаштын башчысы.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу