Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
21/05 17:18
 

Дамира Буканчиев: “Өкмөт тамак-аш жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды КНСдан бошотуу менен ишкерлерге шарт түзүүдө”

Бишкек, 21-май /Махабат Момуналиева-Кабар/. Кыргызстан Өкмөтүнүн тамак-аш жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды 3 жылга кошумчаланган нарк салыгынан бошотушу ишкерлерге чоң жеңилдик. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин кабарчысына “Токмокплодоовощ” жоопкерчилиги чектелген ишканасынын башкы директору, КР өнөр-жайынын эмгек сиңирген ишмери Дамира Буканчиева билдирди.
Анын айтымында, мындай принцип жаңы жабдыктарды сатып алууга шарт түзөт.

“Жаңы технологияларды алыш үчүн кредит керек, анын үстөгү чоң болгондуктан андан алысмын. Ал эми нарк салыгынан бошоо менен кандайдыр бир жаңы техникаларды сатып аламын”,-деди Д.Буканчиева.

Ал былтыр өсүмдүк ширелерин коробкаларга куя турган жабдык алгандыгын билдирди. 
“Эми биздин продукция Украинадан, Молдовадан келген ширелерге атаандаштык түзүп, сатуулар жогорулады. Өкмөттүн биз үчүн түзүп жаткан шарттарын жогору баалаймын”, - дейт Д.Буканчиева.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу