Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
21/05 14:30
 

Бишкекте Мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк боюнча форум өтөт

Бишкекте Мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк боюнча форум өтөт

Бишкек, 21-май /Махабат Момуналиева - Кабар/. 23-24-май күндөрү Бишкекте Мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк боюнча форум өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Санжар Муканбетов билдирди.

Анын айтымында, форумдун максаты - мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктүн принциптерин талкуулоо.

“Өкмөт бул принципти өнүктүрүүгө кызыкдар, ушул себептен, бир столго отуруп маселени талкуулоого даяр”, - деп айтты С.Муканбетов.

Ал форумдун биринчи күнүндө мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк принциптерин ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери талкууланса, экинчи күнүндө кыска жана узак мөөнөткө эсептелген долбоорлор талкуулана тургандыгын билдирди.
 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу