Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
21/05 12:45
 

Марат Султанов: «Кыргызстандын жалгыз сыймыгы - сом»

 Бишкек, 21-май /Чолпон Сулайманова - Кабар/. «Кыргызстандын жалгыз сыймыгы - сом», - деп билдирди бүгүн КР улуттук валютасынын 20 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында Улуттук банктын мурдагы төрагасы, «Ата Журт» фракциясынан депутат Марат Султанов.

"Тилекке каршы, республиканын негизги байлыгы Кумтөр да, алтын да, энергетика да эмес. Биздин болгон сыймыгыбыз – бул сом. Бул Кыргызстанда суроо-талапка дайым эгедер валюта, ал өзүнүн баалуулугун дайыма сактайт. Бардыгы бул бирдикти – сомду баалайт», - деп белгиледи М.Султанов.

Ал атамекендик валютанын туруктуулук себебин атады. “Бул КР Улуттук банкынын алмаштыруу курсунун саясаты гана эмес, сом туруктуулугу мамлекеттин жалпы саясатына жараша да жетишилген. Биз туура экономикалык үлгүнү тандап алдык, эмгек рыногуна бошонууга мүмкүндүк берип, жаңы товардык агымдарды түздүк», - деди ЖК депутаты.

Улуттук банктын мурдагы башчысынын айтымында, 20 жыл ичинде Кыргызстан белгилүү ийгиликтерге жетишти. “Бирок биз Батыш Европа өнүгүү деңгээлине багыт албашыбыз керек. Алардын жанында биздин орточо 5% анча чоң сан эмес. Бирок Кытай жана Түштүк Чыгыш Азия мамлекеттерине салыштырмалуу биз артта калуудабыз. Аларда 7% өсүү орун алганда чочулоо башталат. Ал эми бул көйгөйдү чечүү үчүн биз капитал рыногун өнүктүрүшүбүз керек, мындан тышкары, бизде эл аралык рынокторго чыгуу жолдору жок. Бул Улуттук банктын гана эмес, бардыгыбыздын көйгөйүбүз. Биз финансылык тармакты реформалоо үстүндө иштөөбүз керек”, - деди М.Султанов.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу