Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
20/02 11:42
 

Жумакадыр Акенеев: «Жазында күйүүчү-майлоочу майларга таңкыстык болбойт»

Жумакадыр Акенеев: «Жазында күйүүчү-майлоочу майларга таңкыстык болбойт»

Бишкек, 20-февраль /Махабат Момуналиева - Кабар/. Жазында күйүүчү-майлоочу майларга таңкыстык болбойт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Жумакадыр Акенеев билдирди.

Анын айтымында, 2013-жылга Кыргызстандын нефтетрейдерлери күйүүчү майлоочу майлардын 90 миң тонна кору менен кирди.

«90 миң тонна күйүүчү-майлоочу майдын кору 1,5 айга кенен жетет. Дыйкандар жазгы айдап себүү компаниясында бул багытта көйгөйгө туш болушпайт. Себеби, дизель отунунун, солярканын кору жетиштүү», - деп айтты Ж.Акенеев.

Ал 2012-жыл ийгиликтүү өткөндүгүн, жазында, күзүндө да күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү көлөмү болгондуктан, дыйкандар тарабынан нааразычылыктар болбогондугун кошумчалады.

 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу