Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
31/01 10:17
 

2013-жылы Кыргызстанда айдоо аянттары кеңейип, 1 миллион 178 гектарга жетет

2013-жылы Кыргызстанда айдоо аянттары кеңейип, 1 миллион 178 гектарга жетет

Бишкек, 24-январь /Махабат Момуналиева-Кабар/. 2013-жылы Кыргызстанда айдоо аянттары кеңейип, 1 миллион 178 гектар жер айдалат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда жазгы талаа иштерине даярдык жүрүүдө.
“2013-жылы бир топ айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянты кеңейүүдө. Кант кызылчанын аянты өткөн жылга салыштырмалуу 1,7 миң гектарга көбөйүп 7,9 миң гектарга айдалат. Көп жылдык чөптүн аянты болсо 11 миң гектарга көбөйүп, 312,7 миң гектарды түзөт”, - деп айтты ал.
Министр быйыл пахтанын, картошканын айдоо аянттары кыскара тургандыгын кошумчалады.


 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу