Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
23/01 14:45
 

Премьер-министр:“Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында 2013-жылы дыйкандарга 1000ден ашык техника лизингге берилет” (фото)

Премьер-министр:“Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында 2013-жылы дыйкандарга 1000ден ашык техника лизингге берилет” (фото)

Бишкек, 23-январь /Кабар/. 23-январда, Бишкектин эски аянтында КР Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусу менен Түркия мамлекети тарабынан берилген жеңилдетилген кредиттин эсебинен фермерлерге айыл чарба техникаларын лизингге берүү аземи болду. Бул иш чара 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүү Улуттук стратегиясын иш жүзүнө ашыруунун алкагында болуп өттү.
Премьер-министр аянтта тизилип турган тракторлор дыйкандарга жеңилдетилген шарттар менен узак мөөнөттүү кредитке берилип, эрте жаздан баштап, айыл-чарба жерлеринде айдап-себүү жумуштарында пайдаланыла баштай тургандыгын белгиледи.

“2013-жылы Түркия мамлекетинин биздин өлкөгө берген жеңилдетилген кредитинин эсебинен 5 млн. долларга, 225 трактор алынып келинип, дыйкандарга лизингге берилет. Алардын 80 трактордон, 5 комбайндан жана 50 айыл чарба шаймандарынан турган биринчи партиясы мына бүгүн аянтта тизилип турганына баарыбыз күбө болуп турабыз. Мындан сырткары Кытай мамлекеттик өнүктүрүү банкы тарабынан дагы жаңы 36 трактор Кыргызстанга алып келинди. Жалпысынан учурда 121 жаңы айыл чарба техникаларын таратылганы турат”, - деди Ж.Сатыбалдиев.
КР Премьер-министри Түркиянын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин, Өкмөттүн, дыйкандардын атынан зор ыраазычылык билдирди.

“Өкмөт айыл чарбасын техника менен камсыз кылууга жана айыл чарба жумуштарын механизациялаштыруунун деңгээлин көтөрүүдө, дыйкандарга ар дайым колдоо көрсөтөт”-деп баса белгиледи Ж.Сатыбалдиев.
Маалымат иретинде, 2011-жылы лизингдин көлөмү 219 млн. сомго чейин көбөйүп, 282 даана ар түрдүү маркадагы айыл чарба техникалары лизингге дыйкандарга берилген болсо, ал эми 2012-жылы 336 млн. сомго 348 айыл чарба техникалары лизингге берилгени айтылды.
“Биз айыл чарбасын кубаттуу жана жогорку технологияда чыгарылган тракторлор, комбайндар жана шаймандар менен камсыз кылбай туруп, өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын сапатын жакшыртып, көлөмүн көбөйтө албайбыз. Ошондуктан, Кыргыз Өкмөтү тарабынан 2013-жылы бул тармакка өзгөчө көңүл буруу менен мамиле жасайбыз. Ошону менен бирге, бардык коммерциялык банктарды бул ишке тартып, лизингди кеңири жайылтууну ишке ашырууну көздөп жатабыз. Жалпысынан 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 миң даанадан ашык тракторлор жана айыл чарба техникалары лизингге берилет. Алардын жалпы акчалай көлөмү 1 млрд. сомдон ашат. Бул демилге айылдарда агротехсервистерди түзүүгө негиз болот”, - деди Премьер-министр.
Мындан сырткары Ж.Сатыбалдиев Өкмөт 5 коммерциялык банктар менен айыл чарба тармагын колдоо боюнча 4,5 млрд. сомго чейин эсебинде жеңилдетилген кредит берүү макулдашылып, меморандумга кол коюлгандыгын баса белгилеп өттү.
“Айыл чарбасын каржылоо боюнча тиешелүү Өкмөттүн токтомуна дагы кол койдум. Жакынкы апталардан баштап фермерлерге кредиттер бериле баштайт. Үстөк пайызы - 20. Анын 10 пайызын Өкмөт төлөп берет, тагыраак айтканда субсидиялайт. Ал эми калган 10 пайызын дыйкандар төлөйт. Айыл чарба өсүмдүктөрүнө болгон кредиттер 1 жылга ал эми мал чарбага 2 жылга чейин берилет. Буюрса күзүндө буудайды, сапатына башкача айтканда камырдуулугуна карата дифференциалдуу баада сатып алабыз. Бул баа рыноктук баадан өйдө болуш керек. Айыл чарбасына реалдуу колдоо менен гана өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө жана калкыбыздын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жетише алабыз”, - деди Өкмөт башчы.
Иш чаранын аягында Ж.Сатыбалдиев дыйкандарга албан ийгиликтерди каалап, Кыргызстандын келечеги үчүн баарыбыз, биримдикте жана ынтымакта иштешке чакыруу менен, айыл чарба техникаларын лизингге укук берүүчү сертификаттарды дыйкандарга тапшырды.


КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү
 

Видео
1 из 10
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу