Экономика

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
18/12 12:36
 

Айбек Осмоналиев: “Мамлекеттештирилген 47 обьекттин 31ин Өкмөт тиешелүү чечим кабыл алганга чейин мамлекеттин менчигинде калтыруу каралууда”

Айбек Осмоналиев: “Мамлекеттештирилген 47 обьекттин 31ин Өкмөт тиешелүү чечим кабыл алганга чейин мамлекеттин менчигинде калтыруу каралууда”

Бишкек, 18-декабрь /Махабат Момуналиева - Кабар/. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттери менен мамлекеттештирилген 47 обьекттин 31ин КР Өкмөтү тиешелүү чечим кабыл алганга чейин мамлекеттин менчигинде калтыруу каралууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Айбек Осмоналиев билдирди.

“Жогорку Кеңештин депутаттарынын чечими менен 31 обьектинин 10у мамлекеттик органдардын балансына өткөрүлүп берилди. Алтоону облусттук мамлекеттик администрациялардын балансына өткөрүп берүү сунушталып жатат. 5 обьектини менчиктештирүүгө жаткан обьекттердин тизмесине киргизүү сунушталды. Мындан сырткары 10 обьект Фонддун башкаруусунда калат”, - деп айтты ал.

Ал мамлекеттештирилген обьекттер боюнча документке акыркы жолу өзгөртүү 2012-жылдын 29-июнунда киргизилгендигин билдирди.

 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу