Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
25/10 11:44
 

Кыргызстанда кен иштетүү үчүн лицензия алууга билдирмелерин берген 49 компаниянын үчөө арыздарын кайтарып алышты

Кыргызстанда кен иштетүү үчүн лицензия алууга билдирмелерин берген 49 компаниянын үчөө арыздарын кайтарып алышты

Бишкек, 25 октябрь /Махабат Момуналиева - Кабар/. Кыргызстандын аймагында кен иштетүү үчүн лицензия алууга билдирмелерин берген 49 компаниянын үчөө билдирмелерин кайтарып алышты. Бул тууралуу Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин маалыматтык ресурстар башкармалыгынын началниги Уланбек Рыскулов билдирди.

Анын айтымында, 28-августта лицензия берүү үчүн уюштурулган аукцион үзгүлтүккө учурагандан соң, үч компания билдирмелерин кайтарып алышты.

“2-ноябрда өтө турган аукционго анын катышуучулары тизме менен киргизилет. Ага катышууну каалагандар агенттикке кайрылып атайын документ алышы керек. Бул ирет аукциондун коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыздалат”, - деп айтты ал.

У.Рыскулов учурда агенттиктин кызматкерлери кен иштетиле турган айылдарда жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

“Кендер сатылбайт, ал убактылуу гана иштетүүгө берилет”, - дейт У.Рыскулов. 
 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу