Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
30/08 11:00
 

Бакыт Бакетаев: “Кыргызстан экономикасы дефолтко кабылышы мүмкүн”

Бакыт Бакетаев: “Кыргызстан экономикасы дефолтко кабылышы мүмкүн”

Бишкек, 30-август /Мээрим Ибраева - Кабар/. Кыргызстан экономикасы дефолтко кабылышы мүмкүн экенин, бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана коррупцияны жоюу башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан азыртадан бюджет каражатын үнөмдөп жашабаса, тез эле Грециянын кейпин кийип калыш толук мүмкүн. “Биздин өлкө эгемендүүлүктү алган жылдардан бери сырттан 3 миллиард долларга жакын карыз алса, Греция учурда ай сайын 5 миллиард доллар карыз алууда. Анткени Греция буга чейин алынган карыздарды натыйжалуу пайдаланбай, жалаң жөлөк пул, маяна, пенсияны көтөрүүгө жумшап жиберген. Натыйжада бүтүндөй өлкөнүн экономикасы каатчылыкка кабылды”, - дейт Б.Бакетаев.

Финансылык көзөмөл жана коррупцияны жоюу башкармалыгынын жетекчиси бюджет каражатын сарамжалдуу пайдалануу багытында иштер жүрүп жатканын кошумчалады. Алсак, эки баскычтуу бюджетке өтүү менен 2 миллиарддан ашык сом үнөмдөлүүдө. “Буга чейинки төрт баскычтуу бюджетте миллиарддаган сом таптакыр башка максаттарда, бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп турган. Эми бардык бөлүнгөн каражат, анын сарпталышы көзөмөлгө алынууда”, - деп айтты Б.Бакетаев. 
 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу