Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
17/10 14:20
 

Кыргызстанда 33 суу сактагыч, 50 бассейн бар

Кыргызстанда 33 суу сактагыч, 50 бассейн бар

Бишкек, 17-октябрь. /Эмилбек Момунов-Кабар/. “Кыргызстанда 1617 млн.м3 түзгөн 33 суу сактагыч жана 50 бассейн бар. Аларда жыл сайын 1018 миң гектар аянттын жазгы талаа иштерин сугат суу менен камсыз кылуу үчүн 1 млрд. 900 млн. кубометр суу сакталат”-деди “Кабар” агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында КР суу чарба жана мелиорация боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Эсен Жусуматов.
Анын айткандарына караганда чарбалар аралык каналдар-5599 км. түзүп, 6719-гидротехникалык курулмалар, 2948-гидропосттор, 107-насостук станциялар, 1176 км. коллектордук-дренаждык тармак иштетилет.
Республикабыздагы суу сактагычтарды иштетүүгө мамлекет тарабынан 152 млн. сом жумшалган. Бирок көпчүлүк насостук станциялар 3-4 эсе мөөнөтүнөн көп иштетилгендиктен, тез эле бузулуп калат. Келечекте алар өзүн-өзү акташ керек же оңдоо иштерине жана электр энергиясына кеткен чыгым керектөөчүлөр тарабынан төлөнүүгө тийиш.
“1-октябрга карата өлкөбүздө сугат иштери аяктаган менен биз келерки жылдын вегатациялык мезгилине кам көрө баштадык. Андыктан суу сактагычтар кайрадан толтурулуп, жешилген насостук станциялар оңдолот. Баткен облусунун Лейлек районунун Арка өрөөнүндө сугат иштери мартта эле башталат”-деди Э. Жусуматов.
 

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу