Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
25/07 10:57
 

Эттин баасы эпке келеби?

Кыргызстанда эттин экспортун чектөө тууралуу сунуш киргизилди. Мындай демилгени Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик көтөрүп чыкты. Буга ички рынокто эттин кыйла кымбаттаганы негиз болууда. Эттин кымбатташы 2010-жылдын октябрынан башталып, бүгүнкү күнгө чейин баасы 92 сом 20 тыйынга чейин көтөрүлдү. Ал эми быйылкы жылдын башынан бери этти 22,7 пайызга же 51 сом 70 тыйынга кымбаттады.

2011-жылдын башталышынан бери уй жана кой этинин кымбатташы:

Эттин кымбатташына бир катар жагдайлар таасирин тийгизүүдө.

Биринчиден, жем-чөп, күйүүчү майдын кымбатташы.

Экинчиден, Кыргызстандан тирүү малды жана этти сыртка экспорттоонун көбөйүшү. Бажы кызматынын маалыматтарына таянсак, Кыргызстандан сыртка экспорттолгон эттин көбү Иран менен Тажикстанга жөнөтүлөт. Алсак, 2010-жылы экспорттолгон кой этинин 97 пайызы Иранга, бодо малдын этинин 57 пайызы Тажикстанга экспорттолгон. 2011-жылдын биринчи кварталында кара малды сыртка ташып чыгуу көбөйүп, 2010-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 34,6 пайызга арбыган. Биринчи кварталда 1 миң 718 кара мал, 4 миң 4489 майда жандыктар сыртка чыгарылган.

Үчүнчүдөн, эт базары көзөмөлгө алынбаганы негиз болууда. Көзөмөлдүн жогунан Кыргызстанда өндүрүлгөн жана керектелген эттин көлөмүн так аныктоо мүмкүн эмес. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2011-жылдын январынан июнга чейин 32 млрд 873 сомдук айыл чарба өндүрүмү иштелип чыкты. Мында айыл чарба өндүрүмүнүн дээрлик 83,4 пайызы мал чарбачылыгына туура келет. Анын ичинде алты айда өндүрүлгөн эттин көлөмү:

Аймак

Союлуучу мал жана канаттуу (тирүүлөй салмакта)

Өткөн жылга салыштырмалуу пайыз менен

Республика боюнча

158 миң 430 тонна

1,6

Баткен

10 756

0,9

Жалал-Абад

23 205

1,6

Ысык-Көл

20 134

0,3

Нарын

21 909

0,4

Ош

31 488

1,3

Талас

11 464

0,4

Чүй

38 724

0,9

Бишкек шаары

162

-1,8

Ош шаары

588

0,5

Эт базарындагы көзөмөлдүн жоктугу алып-сатаарлардын бааны көтөрүшүнө негиз болууда. Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик алып-сатаарлар эттин килограммына кеминде 30 сомдон 60 сомго чейин кошоорун аныктаган.

Жогорку Кеңеш бир катар азык-түлүк товарларына бажы алымдарын киргизүүдө, эттин импортуна 10 пайыз деңгээлинде бажы алымын бекиткен. Албетте, бул жергиликтүү эт базарын колдоого алуу аракети. Айыл чарба министрлиги Кыргызстан жылына 333 миң тонна эт өндүрөт деп белгилейт. Анын 63 миң тоннасы экспорттолот. Ички керектөө үчүн жылына Кытайдан 40 млн доллардан ашык акчага тоок эти импорттолот. Негизинен Кытайдан ташылып келген эт кыйла арзан болуп, бажы алымын киргизүүнүн зарылчылыгы барбы деген суроо туулат. Ансыз да сыртка экспорттолуп жаткан эт жана эт азыктары ички рыноктогу бааны көтөрүп жатса, импортко бажы алымын киргизүү баанын өсүшүн гана шарттайт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, Кыргызстанда эттин экспорттук жана импорттук баасында чоң айырмачылык бар. Алсак, 2011-жылдын май айында 1 тонна эттин экспорттук баасы 922 миң 79 сом же 19 миң 805,3 доллардан болгон. Мында бир килограмм эт 922 сомдон сыртка чыгарылган. Экспорттук баа апрель айына салыштырмалуу 8,6 эсе кымбаттаган. Ал эми сырттан ташылып келген эттин тоннасы 40 миң 968,2 сомду же 888,5 долларды гана түздү. Мында импорттолуп келген эттин килограммы 40,9 сом же 0,8 доллар гана болду. Экспорттук жана импорттук баанын айырмачылыгы продукциянын сапатынан кабар берет. Демек, чет элдиктер Кыргызстандын сапаты жакшы этин кымбат баада алууга кызыкдар болсо, республика калкты арзан эт менен камсыздап жатат.

Акыркы эсептөөлөр боюнча Кыргызстанда бир адамга айына аз дегенде 4 миң 609 сом керектелет. Мында жашоо минимумунун 65 пайызын азык-түлүк түзөөрүн эске алсак, адам тамак-ашына 3 миң сом жумшайт. Эттин баасы 300 сомго чейин чыкканын эске алганда кыргызстандыктар талапка ылайык көлөмдө эт жээри күмөн болот. Ансыз деле биздин жарандар этти талап кылынган нормада жебейт. Улуттук медицина академиясынын сунушуна ылайык, бир адам жылына 61 килограмм 300 грамм эт жеш керек. Ал эми бир кыргызстандык көп дегенде 38 килограмм 700 грамм эт жеп жатат.

Жогоруда айтылган жагдайлардан улам Кыргызстанда этти өндүрүү жана экспорттоо жаатында бир катар зарыл чараларды көрүү керек. Булар:

- малды жана этти алып чыгууга бажы төлөмдөрүн жана квота киргизүү

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) маалыматы боюнча, жакынкы он жылда азык-түлүктүн баасы кымбат бойдон калып, анын ичинде эттин дүйнөлүк баасы 30 пайызга чейин өсүшү мүмкүн. Ушундан улам ички керектөөчүлөрдү арзан эт менен камсыз кылуу максатында аны экспорттоого бажы төлөмдөрүн жогорулатып, квота киргизүү зарыл. Мындай жол менен өлкө бюджетине түшө турган акча көбөйүп, экспортту азайтуу менен ички керектөө камсыздалат.

- экспортту убактылуу чектөө же сезондук чектөө киргизүү

Бир жагынан эттин баасынын кыйла кымбат баада экспорттолушу өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгында болууда. Бирок ички рыноктогу керектөөнү камсыз кылыш үчүн эт баасы кымбаттаганда аны экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү механизмин жолго салуу зарылчылыгы турат.

- алып-сатарлардын ишине бөгөт коюу максатында фермерлерге мүмкүнчүлүк түзүп, атайын соода кыла турган жайларды ачуу

Акыркы жылдары айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого алуу зарылчылыгы айтылып келет. Өлкөнүн эт рыногу жөнгө салынбай, алып-сатарлардын айынан эт кымбаттады. Мындай шартта өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгы корголбойт. Аларга карата коргоо чараларын колдонуу максатында фермерлер үчүн атайын соода кыла турган жайларды ачыш керек.

Даярдаган Мээрим Ибраева, «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу