Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
23/07 09:31
 

М.Саматов: “Дыйканчылыкты өнүктүрүү үчүн лизинг кызматын киргизүү керек”



Бишкек, 22-июль. /Назира Тилекова-Кабар/. Кыргыз Республикасынын Айылдык өндүрүшчүлөрдүн ассоциациясынын аткаруучу директору, техника илимдеринин кандидаты Манас Саматов менен кабарчыбыз маектешкен.

- Барган сайын айыл тургундары шаарга, чет өлкөгө агылып, жер иштетүү менен алектенгендер азайып баратат. Бул көрүнүш эмнеге алып келет?

- Бул суроону экиге бөлүп талкууласак, оң болгону турат.
Биринчиси – Дыйканчылыктын үзүрү, кадыры кеткендигинин себептери эмнеде?
Негизги себептери өзүбүздө – дыйкандарда. Эркин базар экономикасы дооруна төп келген чарба жүргүзүүнүн эрежелерин өздөштүрбөй келебиз. Жер жеке менчикте. Кожоюн өзүбүз. Демек күндөлүк чарбалык чечимдерди да өзүбүз кабыл алышыбыз шарт. Ушул жерге келгенде көпчүлүк аксап калып жатат. Туура чечимдерге акылы жетип турса да, колу жетпей калды. Колунда техникасы жок болуп шайы кетип турат. Айласы кеткенде жаш баладай өкмөттөн жок жардамды күтүп отуруп, өмүрү өтүп, жакырчылыкка батты. Акыры тажаганда, дыйкандардын калың катмары жер үлүшүн эле эмес, бала-бакырасын да Кудайга аманатка калтырып, аларды багыш үчүн, чапанын желкесине салып, журт тышына оокат издеп чыгып кетти.
Иштин көзүн билгендер учурунда техника сатып алууга бүт күчүн, каражатын жумшады. Натыйжада, колунда техникасы барлар суурулуп чыгышып, дыйканчылык бизнесинин сырларын жакшы өздөштүрүшүп, ийгиликтүү чарба жүргүзүшүп, татыктүү турмуш кечирип келе жатышат.
Ошентип, маселе барып эле техниканын жетишсиздигине такалып жатат.
Экинчиси – Миграциянын күч алышы. Жер аянттары чектелүү, элдин саны жылдан жылга өсүп баратат. Ошондуктан, элдин айылдардан шаарларга, журт тышына ооп жаткандыгы доорго мүнөздүү, табигый турмуш агымы. Миграция агымдарынын динамикасы бүткүл дүйнөдө чоң арыштар менен өнүгүп жаткан мезгилде жашап жатабыз. Ошолорду көрүп туруп айылдан чыгып кеткендердин дээрлик көпчүлүгү кайра кайрылып келбейт деп ишеничтүү айтса болот. Бирок баары тең, канчалык алыс кетпесин, айылдарынан кол үзбөйт. Баарынын тамыры туулуп өскөн айылында. Алар да үйдө калган туугандарынын көйгөйлөрү менен жашап келишет.

-Техниканын жетишсиздиги маселесин чечүүнүн кандай жолдору бар?


- Дыйкандардын айыл чарба техникалары менен, түшүмдү кайра иштетүүчү жабдыктар менен камсыз кылуунун сыноодон өткөн дүйнөлүк эреже-салты бар.
Бүл эреже - салт - лизинг. Лизинг – бул кредиттик мекеменин буюмун акчага чегерип, белгилүү мөөнөткө, киреге алуу деген түшүнүк. Кредиттин бир түрү. Дүйнөлүк тажрыйбага таянып, лизингге кирүүдөн коркпош керек деп кесе айтса болот.
Алгач, фермерлер тараптан эң көп козголгон суроого так жооп айта кетейин - заводдор техниканы кредитке же лизингге бербейт. Алардын түйшүгү - машина жасоо. Заводдордон машинаны жүктөп чыгыш үчүн алдын ала 100% акчасын төлөш шарт, башка жолу жок.
Кредит берүү, лизинг кызматын көрсөтүү – бул банктардын, лизинг компанияларынын, мамлекеттик программалар алкагында иш алып барган мекемелердин жумушу.
Тилекке каршы, бүгүн Кыргызстанда лизинг кызмат көрсөтүү тармагы жокко эсе. Мыйзам чийки. 2002-жылы кабыл алынган каржылык ижара (лизинг) жөнүндөгү мыйзам бүгүнкү күнгө чейин турмуштан өз ордун таппай келет.
Айыл чарба министрлигинин жетекчилеринде лизинг жөнүндө таптакыр түшүнүк жок. Алар мамлекеттин каражаттарын, донорлордун каражаттарын уютку катары пайдаланып, лизинг компаниясын түзүүгө кызыкдар эмес.

- Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип, лизинг кызматын өөрчүтүү менен ишти ордунан жылдырса болобу?

- Бетке айткандын заары жок, легендарлуу парламенттен кийин Жогорку Кеңештин курамынын жалпы интеллектуалдык потенциалы өтө чабал болуп келе жатат. Чарбалык иштерге көздөрү жетпегендиктен, саясий оюндар менен гана чектелип келишет. Ушул мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө Жогорку Кеңеште чечкиндүү демилгечи жок, депутаттардын чолосу тийбей келе жатат. Биз, бир топ адистер – профессор Айылчы Сарыбаев, Анвар Абдраев, Бүажар Абдыкадырова, Чолпон Самсалиева Жогорку Кеңешке мыйзамга керектүү өзгөртүүлөрдү кийириш жөнүндөгү сунуштарыбызды бергенбиз. КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков мырза маселени чечмек болгон.

-Анан жылыштар барбы?

-Сунуш да жок, жылыш да жок. Өкмөттүн курамында деле лизингдин маңызын түшүнүп, мүкүнчүлүктөрүн баалап, ошого жараша оң чечим кабыл ала билген инсан жок.

- Абалдан чыгуунун жолдору барбы?

- Айыл чарба тармагын башкарууну түп тамырынан өзгөртүп, башка нукка бура турган мезгил келип жетти. Чечкиндүү реформалар зарыл. Кандай реформалар? Базар экономикасынын эрежелерине, атаандаштыктын эрежелерине таянган башкаруу системасын түптөө. Бул үчүн, биринчи иретте мамлекет менен дыйкандардын ортосундагы мамилени жөнгө салыш зарыл. Дыйкан чиновникке көз каранды болбош керек. Бул оңой эле – мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча каражаттары жеке менчик банктарга конкурстук негизде берилип, дыйкандарга насыя алуу жолун жеңилдетиш. Акчалай кредит алып туруп, эркин базардан дыйкандар каалаган өндүрүш каражаттарын өзүлөрү сатып алсын. Ушунда гана дыйкан акчаны сарамжалдуу пайдаланганга үйрөнөт. Чиновниктердин да коррупциялык мышык-чычкан оюндарына бөгөт коюлат.

(маектешкен Назира Тилекова)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу