Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
22/07 18:17
 

Кыргызстандагы интернет-журналистика россиялык серепчилердин көз карашында


Чолпонатада 19-21-июлда Борбор Азиядагы журналисттер үчүн «ЖМК жана улут аралык биримдик маселелери» деген аталышта семинар-тренинг өттү.

Анын алкагында «Толеранттуулук жана улутчулдук, улуттар ортосундагы тынчтык. Ксенофобия жана шовинизмге каршы турууда ЖМКнын ролу», «ЖМКнын чыр-чатак маалында иш алып барышы», «Маалымат агенттиктеринин саясаттагы ролу» деген тегерек стол, чеберчилик сабактары өттү. Аны Россиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын профессорлору, окутуучулары алып барды.

Иш-чараны «Кабар» улуттук маалымат агенттиги, «РИА-Новости» маалымат агенттиги, «Евразийцы - новая волна» фонду уюштуруп, анын ишине Россиядан, Казакстандан жана Кыргызстандан 30дан ашык журналист катышты.

«РИА-Новости» агенттигинин окуу борборунун жетекчиси Олег Щедров Кыргызстанда Борбор Азия аймагында биринчилерден болуп интернет медиа каражаттары пайда болуп, ал жогорку темп менен өнүгүп жатканын айтты.

«Кыргызстандагы «жоогазын», апрелдеги элдик революциялар, республиканын түштүгүндөгү июнь окуялары тууралуу оперативдүү маалыматтарды Интернеттеги маалымат сайттарынан алып жаттык. Бул жакта интернет-журналистика ыкчам темп менен өнүгүп, анын ролу жогорулоодо», - деди ал.

О. Щедров Кыргызстандагы маалымат агенттиктеринин эң башкы көйгөйү катары журналисттер өз маалыматын жергиликтүү калкка гана даярдап, мамлекеттен тышкары кардарлардын кызыкчылыгын ойлобой тургандыгын айтты.

«Жергиликтүү теле, радио берүүлөр, басылмаларды түшүнүүгө болот, ал эми Интернет дүйнөлүк рынокко чыгууда. Эмне себептен силер материалды жазууда тар чөйрөгө гана багыттап жазасыңар? Мындан тышкары жазган материалыңарды коштоп жүргөн шилтемелер жокко эсе. Маалыматта айтылып жаткан адамга, окуяга байланыштуу буга чейинки маалыматтарга шилтеме болгондо окуянын келип чыгышын, ошол эле оппозиционерлер, Батыровдун ролу тууралуу маалыматтарды алат элек», - деп айтты О. Щедров.

Белгилүү россиялык эксперт, КМШ мамлекеттеринин аймагында коомдук-саясый процесстерди талдоо боюнча борбордун башкы директору Алексей Власов Кыргызстанда Интернет саясый таймашта башкы кыймылдаткыч күч экендигин билдирди.

«Бүгүнкү күндө Интернетте кандайдыр бир чектөөлөр, саясый оюндардын эрежелери жок. Ал жакта саясатчылар өздөрүн эркин сезишет. Кайсы бир өлкөлөрдө тармактардагы жаңылыктарды көзөмөлдөө боюнча атайын мыйзамдарды, эрежелерди кабыл алуу аракеттери көрүлөөдө. Мисалы, учурда Беларусияда жана Тажикстанда бийлик Интернетти катуу көзөмөлгө алган», - дейт А.Власов.

Ал Интернеттеги «Фейсбук», «Твиттер» социалдык тармактарын колдонуучулар (блоггерлер) арасында өзүнө жаккан, же атайын буюртмага иштегендер арасында катуу кагылышуулар болуп тураарын айтты. А.Власов эгерде бийлик Интернетти көзөмөлгө алууга, анын мүмкүнчүлүгүн чектөөгө аракет кылса, ал мамлекет канча бир жылга башкалардан артта калаарын баса белгиледи.

«Учурда дүйнөдө мунай, алтын, газ кендерине ээ болгон өлкөлөргө башка мамлекеттердин көз карандылыгы күчөп жатат. Он жылдан соң «маалыматка ээ болгон адам дүйнөгө ээлик кылат» деген принцип иштей баштайт, маалыматты өз маалында туура бергендерге башка мамлекеттер карай баштайт. Биз тескерисинче интернет-журналистиканы өнүктүрүшүбүз керек», - дейт эксперт.

Россиялык публицист, телеалып баруучу Александр Архангельский: «Кыргызстанда сөз эркиндиги башка КМШ мамлекеттерине салыштырмалуу эркин болуп, атаандаштык күч алган. Ал эми интернет-журналистика акыркы он жылда ыкчам өнүгүп, гезиттер менен телекөрсөтүүлөрдүн пайдалануучуларын өзүнө тартып кетти. Кыргызстандын түштүгүндөгү каргашалуу июнь окуялары, апрель элдик революциясы тууралуу оперативдүү маалымат Интернетте тарады, мен маалыматты Интернеттен алып, окуянын өнүгүшүн ошол жерден окуп жатым», деди.

Жалпы пикирлерди угуп, интернет-журналистиканын келечеги алдыда экендигине дагы бир жолу ынандык.

Махабат Момуналиева, «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу