Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
22/07 09:05
 

Рустам Акрамов: «Ташкентте биз өтө кызык футбол оюнунун күбөсү болобуз»


2014-жылкы дүйнө чемпионатына тандап алуу матчтарынын 2- айлампасында Кыргызстан менен Өзбекстан курама командаларынын ортосунда болуп өтө турган беттешүүлөрдүн алдынан Өзбекстан курама командасынын техникалык директору, профессор Рустам Акрамов кыргыз футболу тууралуу «Кабар» агенттигинин Ташкенттеги өз кабарчысы менен кыскача ой бөлүштү.

«Кабар»: -Рустам Акрамович! Сиз, адис катары, Кыргызстанда футболдун абалы, өнүгүшү тууралуу кандай пикирдесиз?

Р. Акрамов:
-Мен кыргыз футболун өтө урмат кыламын. Анда Стрельцов, Мерзликин, Султанов, Агеев сыяктуу футбол чеберлери болгон. Ал кезде бул футболчуларга Россия, Украина футбол клубдарынан сунуштар келип түшкөн, бирок алар чыныгы патриот катары өз мекенинин намысын коргоп, өз клубдарында ойногон.
Мен ФИФА жана АФКтин инструктору катары, Кыргызстанда 5-6 жолу курстарды уюштурдум. Мамлекеттеги саясий-экономикалык абалгага карабай, футбол иретүүлүк менен өнүгүүдө. Маселен, «Абдыш-Ата» футбол клубунун 9 футбол майданы бар. Ал жайларда жүздөгөн жаш таланттар күн сайын машыгып, кыргыз футболунун келечекте өнүгүшү үчүн олуттуу өбөлгө түзүүдө.

«Кабар»: -Алдында боло турган оюндар тууралуу эмне дей аласыз?

Р. Акрамов: -Кыргызстан курамасынын оюн тактикасы менен өтө жакшы таанышмын деп айта аламын. Ташкентте алар негизинен коргоого өтүп, контрчабуул тактикасын колдойт д ойлоймун. Алардын эң жакшы оюнчуларынан бири, чабуулчу Мурзоев болуп эсептелет. Жалпысынан, команданын оюну ал аркылуу уюштурулат. Жакында Кыргызстан менен Ирандын ортосунда болуп өткөн оюндарды күзөттүм. Сыртта 0:1 эсеби менен жеңилган Кыргызстандын командасы өз үйүндө 0:0 эсеби менен теңтайлаш натыйжага жетишти. Ушундан да, кыргыз футболунун өсүп-өнүгүп жатканын байкоого болот.
Эмнеси болгондо да, бизди өтө кызык футбол күтүп жатат. Мен күйөрмандарды меймандардын футболчуларын урматтоого чакырамын жана эки командага тең кызык жана кооз футболду каалаймын.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу