Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
20/07 17:55
 

«Guardian”: Шинжанда полицейлерге кол салуулар болду


Шинжанда полицейлерге кол салуунун жүрүшүндө бир нече адам өлгөн. Окуянын расмий себеби талаштуу көрүнүш жана уйгурлар полициянын имаратына кол салышкан,бул зомбулуктун жаңы актылары туурасында кооптонууларды жаратууда. Шинжанда Кытайдын полиция участогуна кол салууда бери болгондо төрт адам өлгөндүгүн мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары билдиришкен. Бул кагылышуу өлкөнүн алыскы, батыштагы тынчы жок аймагында зомбулуктун дагы чыгып кетишинен кооптондурат.
Кытайдын алда канча маанилүү жана энергия ресурстарына бай аймагынын бирине жакын жайгашкан Хотан шаарындагы мындай тирешүү өлкөнүн эң жаңы тарыхында өлүмгө алып келген улут аралык кагылышуулардан эки жыл өткөндөн кийин келип чыкты жана анын кесепетинен кеминде 197 адам набыт болду.Полиция участогуна кол салуунун чоо жайы талаш-тартышты жаратууда. Дүйшөмбүдө “Синьхуа”расмий маалымдоо агенттиги имаратка “бандиттер” жулунуп киргенде атышуулар башталып жана кызматчылардын айрымдарын барымтага алышкандыгын билдирген. Жардамга коопсуздук күчтөрү келгенден кийин кол салган бир канча адам өлтүрүлгөндүгү, дагы эки жаран менен эки офицер өлгөндүгү билдирилет.”Барымтадагы алты адамды аман алып калышкандыгы” айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.
Жергиликтүү полиция бул билдирүүнү ырастады жана өзү каршы чара көрүүнү пландаштыргандыгын билдирди.”Бул чындык”, деп айтты телефондон Хотан полициясынын кызматкери.”Биз баарыбыз буйрукту күтүп жаттык”. Ал атын атоодон же кошумча маалымат берүүдөн баш тартты
Мындай жүйөөлү ой “Бүткүл дүйнөлүк уйгур конгрессинин “(БДУК) каршылыгын пайда кылды, анткени ал Шинжандын басымдуу мусулман этникалык тобунун көбүрөөк эркиндиги менен укугун каалайт. БДУК нин басма сөз катчысы Дильхат Рахит коопсуздук күчтөрү зордоп алып кеткен уйгур жаштары ың-жыңсыз жоголгон, ошого байланыштуу жергиликтүү калктын көпчүлүгү нааразылык акциясын баштоого аракеттенгендигин айтты.
“Кытай өкмөтү муну кол салуу деп ырастоого тийиш эмес. Мунун бардыгы демонстрация катары башталган”,-деп айтты ал. ”Ханзылыктардын арасынан көп мигранттар ушул облуска келишкен жана жергиликтүү калк жеринен ажыроодо. Уйгур жаштарын абакка мыйзамсыз эле отургузууда.”
Соңку жылдарда Шинжанда өлүмгө алып келген бир нече кагылышуу болгон. 2008-жылы Кашгардагы аскерлештирилген чек ара полициясынын имаратына рейддин жүрүшүндө 16 офицер өлтүрүлгөн болучу. Кийинки жылы өкмөт чөлкөмдүк Үрүмчү борборунда чыккан жалпы тартипсиздикте 197 адам, негизинен кытайлык ханьдар уйгурлар тарабынан өлтүрүлгөндүгү жөнүндө билдирген эле.
Бул толкун Шинжанга улам көбүрөөк көз каранды болгон Бээжин өкмөтү үчүн олуттуу проблема болуп саналат. Хань мигранттарынын көпчүлүгү каражат иштеп табууга аймакка келишкен, бул болсо жергиликтүү калк менен алардын мамилесинде оор жагдайды пайда кылууда..
Джонатан Ваттс «Guardian», 19-июль 2011-жыл

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу