Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
20/07 16:23
 

Президенттик шайлоого аял-талапкерлер каттала элек (сурамжылоо)

Кыргызстанда президенттик шайлоого бүгүнкү күндө 14 талапкер катышууга ниетин билдирип, арызын жазды. Азырынча алардын арасында бир дагы аял-талапкер жок. Буга чейинки эки жолку президенттик шайлоодо аялдардын ичинен жалгыз Токтайым Үмөталиева талапкер катары катышкан.

Эгемен Кыргыстандын тарыхында эл тарабынан шайлануучу бийлик органы болгон парламенттин төртүнчү чакырылышында бир дагы аял-депутат жок болуп, мындай жагдай элдин дагы, эл аралык коомчулуктун дагы кескин сын-пикирин жараткан. Белгилей кетүүчү нерсе, ЖКнын бул чакырылышында депутаттар бир мандаттуу округдардан, башкача айтканда, мажоритардык ыкма менен шайланган. Мындан улам биздин коом аялдарды жогорку бийлик органдарынан жана жогорку мамлекеттик кызматтарда көрүүнү каалабайбы деген бүдөмүк ой жаралат. Мындай абалдан чыгуу үчүн Кыргызстандын шайлоо боюнча мыйзамдарына дүйнөлүк тажрыйбада кеңири колдонулуп жүргөн квота берүү тартиби киргизилген.

Учурда мамлекет башында жана жогорку кызматтарда, алсак, Башкы прокуратураны, Жогорку сотту, Улуттук банкты аял киши жетектейт. Алдыдагы президенттик шайлоого аял-талапкерлер катышса, алардын мүмкүнчүлүгү кандай болуп, күрөштө колдоого алынышы мүмкүнбү? Мындай суроо менен бир катар депутат-айымдар, коомдук ишмерлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө кайрылдык.

Жылдызкан Жолдошева, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты

Кыргыз эли аял-талапкерлерге ишеним артат. Алсак, тарыхта Курманжан датка деле эл башында туруп, кадыр-баркка ээ болгон. 2010-жыл Кыргызстан үчүн оор жыл болду. Роза Отунбаева президент катары ошол оор мезгилде иштегенин айтсак болот. Кыргызстан эгемендүүлүктү алган жылдан бери биринчи жолу аял киши мамлекет башчысы болду. Эми дагы мыкты аял-талапкер чыкса, эл ишеним көрсөтө алат деп ойлойм. Мен жеке өзүм президенттикке талапкер болууну ойлогон жокмун. “Ата-Журт” партиясынын атынан жалпы добуш менен Камчыбек Ташиевдин талапкерлигин көрсөттүк. Аял президент сактап калган мамлекеттин бүтүндүгүн мырза мамлекет башчысы улантып кетет деп ойлойм.

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу, коомдук ишмер

Кыргызстанда президенттик шайлоодо ат салышууга татыктуу саясатчы-аялдар бар. Мен да президенттик шайлоого катышууга аракет кылам. Каттоо аяктаганга чейин дагы убакыт бар. Парламентке аял-депутаттар мажоритардык шайлоо ыкмасы менен шайланды дейбиз. Бирок түз шайлоо болгондо деле эл аялдарга ишеничин көрсөтөт. Болгону бизде таза шайлоо өтөбү деген маселе бар. Бизде шайлоо жыйынтыгына нааразы болгону менен сотко доо арыз жазып кайрылгандар аз. Ошондуктан, аял-талапкерлер канча пайыз добуш алганы так белгилүү эмес. Эгерде таза шайлоо өтөөрүнө кепилдик болсо, бир топ аял-талапкерлер чыкмак деп ойлойм. Менимче, аял-жетекчилер алда канча таза иштейт. Буга чейин жогорку бийликте отуруп, паракорчулукка малынды деген аялдар деле болгон эмес. Кыргызстанда татыктуу аял-талапкерлер бар, бирок аларда акча жок. Ушундан улам шайлоого аттанышпайт.

Дамира Ниязалиева, КСДП фракциясынын депутаты

Кыргызстан эли учурдагы президент Роза Отунбаевага ишеним артып, иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бергенден кийин, президенттикке талапкер аялдарды колдойт деп ойлойм. Суурулуп чыкса, татыктуу талапкерлер деле бар. Ал эми мен жеке өзүм КСДП партиясы көрсөткөн талапкерди колдоого алам.

Азиза Абдирасулова, “Кылым шамы” коомдук фондунун жетекчиси, укук коргоочу

Менимче, бизде саясый партияларда аялдардын ролу чектелип калган. Парламентте квота коюлгандыктан гана, төрт депутаттын бири аял болуп жатат. КСДП партиясынан башка аялды сүрөп чыккан бир да партия жок. Аялдар шайлоого катышса, анда шайлоо таза, мыйзамдуу жол менен өтмөк. Анткени аялдар эркектерге салыштырмалуу ыплас жолдорго барбайт. Шайлоодо акча маселеси да чоң роль ойнойт. Мыйзамда шайлоого коюлуучу күрөөнүн минималдуу суммасы көрсөтүлүп, максималдуусу көрсөтүлбөй калган. Натыйжада айрымдар ашыкча чыгым сарптап, бирөөлөрдү жаманатты кылып, “кара пиар” жүргүзүшөт. Мен аялдар мамлекетти жакшы башкарат деп эсептейм. Тарыхта деле өлкө оор абалда турганда аялдар башкарып, кыйынчылыктан чыгып кетишкен. Бул ирет Роза Отунбаева миссиясын аткарып, Кыргызстанда биринчи жолу бийликти мыйзам жолу менен жаңы шайланган президентке өткөрүп берээрине ишенем.

Динара Ошурахунова,
“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси

Кыргызстанда президенттик шайлоого аял-талапкерлер катышса, аларды колдой тургандар сөзсүз болот. Анткени учурда аялдардын саясый-коомдук турмуштагы ролу өсүп жатат. Бизде жогорку кызматтарда аялдардын тургандыгы муну тастыктап турат. Башкысы президенттик шайлоо таза өтсө, аялдардын мүмкүнчүлүгү даана көрүнмөк.

Жолдош Жусупов, “Кабар”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу