Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
18/07 18:12
 

Т. Касмамбетов: Мин-Куш шаарчасы акырындык менен жок болуп кетиши мүмкүн


Бишкек, 18-июль. /Махабат Момуналиева - Кабар/.
Нарын облусунун Жумгал районундагы миграция, таза суу, маданий жайлардын абалы тууралуу райондун акими Талантбек Касмамбетов менен кабарчыбыз маектешти.

-Кыргызстанда миграция маселеси күч алып, республиканын түштүгүндөгү жаштардын көбү облустан сырт чыгып кеткен, бул жагдай Жумгалда кандай?


- Башка облустардай эле бизде да миграция маселеси курч турууда. Бул көйгөй Мин-Куш шаарчасында күч алган. Совет мезгилинде өнөр жай объекттер иштеп жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болушкан. Бүгүнкү күндө ал жактагылардын мал бакканга да шарты жок. Жаштардын көбү Бишкекте же өлкөдөн сырт чыгып кетишкен.
Жумгал району боюнча биз биринчи кезекте Мин-Куш шаарчасынын көйгөйүн чечип, чакан ишканаларды куруп ишке киргизишибиз керек, же болбосо бул шаар акырындык менен жок болуп кетиши мүмкүн.

-Акыркы үч-төрт жылда Жумгалдагы бала бакчалардын көбү калыбына келтирилип   жаткандыгы тууралуу жергиликтүү тургундардан уккан элем, ушул тууралуу айтып берсеңиз?


-1990-жылдары Кыргызстан эгемендикке ээ болуу менен бир топ көйгөйлөргө да туш болду. Жумгалда гана эмес, республика боюнча бала бакчалар, маданий үй, клубдардын имараттары менчиктештирилип, таланып-тонолуп жараксыз абалга туш болду. Бирок акыркы үч-төрт жылдан бери чет элдик донорлордун, жергиликтүү бюджеттин эсебинен маданий жайлар, бала бакчалар акырындык менен калыбына келүүдө.
Жумгалда жергиликтүү калктын колдоосу менен бала-бакчалардын имараттары оңдолуп, донорлордун колдоосу менен ал жакта жааматтык бала бакчалар иштей баштады.

Совет мезгилинде салына баштап, токтоп калган орто мектептердин имараттарынын курулуш жыйынтыкталып, эксплуатацияга берилген. Маданият үйлөрү, райондук, айылдык китепканалар толук кандуу иштеп жатат. Аларды жаңы китептер менен толтуруп тургундар үчүн шарттарды түзүп жатабыз.
Айылдарда ФАПтар курулуп, алар жаңы медициналык жабдыктар менен камсыздалууда.

- Жумгалда таза суу маселеси мурунтан бери эле бар, кээ бир айылдардын тургундары иче турган сууну арыктан алышчу. Бул көйгөй чечилдиби?

- Жумгалда 28 айыл бар, алардын көбүндө таза суу түтүктөрү коюлган. Жакында эле эки айылда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлсө, төрт айылга жаңы суу түтүктөрү тартылды.
Жумгалдын райондук борбору болуп эсептелген Чаекте тургундардын саны үч эсе өстү. Анын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылыш үчүн суу түтүктөрү толугу менен реконструкцияланууда. Быйыл планга ылайык 60 км суу түтүктөрү алмаштырылат.
Мындан тышкары Совет мезгилинен бери электр энергиясы жок жашап келген төрт айылга трансформатор коюлуп, зымдар тартылып айыл тургундары электр энергия менен камсыз болушту.

-Кара-Кечедеги абал кандай?

-Кара-Кечеде көмүр өндүрүү планга ылайык ишке ашууда. 2010-жылдын апрель окуяларынан соң бир топ кыйынчылыктар болду бирок бүгүнкү күндө ал калыбына келтирилди.
Жергиликтүү тургандар карьерге барып иштешет, Нарын элин арзан көмүр менен камсыз кылат.

(маектешкен М. Момуналиева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу