Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
18/07 15:34
 

Кыргыз өкмөтү Баткен облусунун суу чарба тармагын каржылоону 2 эсеге көбөйттү


Баткен бассейндик суу чарба башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Мамашарип Бердалиев менен өз область боюнча өз кабарчыбыз Мамажан Бердишев маектешкен.

-Мамашарип Бердалиевич, Баткен бассейндик суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери Жогорку Кеңештин төрагасы А. Келдибековго, КРнын премьер-министри А. Атамбаевге кайрылуу жолдошкон. Ага эмне себеп болду?

-Анткени Кыргыз Республикасынын суу чарба башкармалыктары ар кайсыл министрликтердин карамагында болуп, натыйжада суу чарбасы эң төмөнкү деңгээлге түшүп, гидротехникалык курулмалардын тамтыгы чыгып, көптөгөн каналдардын, насостук бекеттер жараксыз абалга келди. Кайрылуубузда дал ушул маселерди айтып, өлкөдө суу чарба тармагын сактап калуу, абалды жакшыртуу максатында суу чарба комитети болуп калуусун колдоп кайрылган элек. Себеби аталган суу чарбасы өзүнчө комитет болуп түзүлгөндөн баштап, суу чарба тармагында олуттуу өзгөрүүлөргө аракеттер көрүлө башталган эле. Ошондуктан суу чарба комитетин өзүнчө калтырууну чоң үмүт менен суранганбыз.

-Негизи бүгүнкү күндө Баткен облусундагы сугат суу жетиштүүбү? Суу чарба тармагында абал кандай?


- Баткен облусундагы уч райондун айыл чарба багытындагы 57 миң гектар жер аянтын сугат суу менен камсыз кылуу үстүндө иш алып баруудабыз.
Биздин балансабызда 348 км чарбалар аралык каналдар, 22 даана насостук станциялар, 58 даана тике кудуктар бар.
Облустубуздун аймагынан 5 ири дарыялар агып өтөт. Алар Кадамжай районундагы Исфайрам - Сай, Шахимардан, Сох, Баткен районундагы Исфара жана Лейлек районундагы Кожо Бакырган дарыялары. Суунун башында туруп сууга зар болгон учурлар көп эле болууда. Өкмөттөр аралык келишимдердин негизинде биз өзүбүзгө керектүү сууну алып жатабыз. Ошондой эле бүгүнкү күндө Баткен бассейндик суу чарба башкармалыгынын балансасында 1 чарбалык эсептеги механизациялаштырылган отряд иштеп турат. Алар облустун аймагында суу чарба объектилерин тейлөөдө ийгиликтүү иштеп жатышат.

-Эми анын натыйжасы кандай болуп жатат?


-Өткөн жылдарга салыштырмалуу облустун суу чарба тармагында бир топ жылыштар пайда болду деп айта аламын. Бул албетте, Кыргыз Республикасынын суу чарба жана мелиорация министри Зиядин Жамалидиновдун түздөн түз колдоосу астында десем болот. Ал кишибиздин жеке көзөмөлүнүн негизинде эң маанилүү болгон маселе акча каражатын түздөн-түз иш болуп жаткан объектилерге, райондук суу чарба башкармалыктарына түшүрүү менен иштин жүрүшүн координалдуу жакшыртууга жетиштик. Себеби, мурда акча каражаты облустарга берилип алардан барып керектүү жерлерге түшкөнчө бир канча убакыт өтүп, ошол эле мезгилде коррупциялык жеп ичүүлөргө шарт түзүлгөн болучу. Түз каржылоонун натыйжасында бүгүнкү күндө облустун ирригациялык системаларынын абалы бир кыйла жакшырды.

2011 –жылдын апрель айында КРнын суу чарба жана мелиорация комитетинин төрагасы З. Жамлдинов Баткен районунун Бужум айлынын тургундары менен жолугушуп алардын көйгөйлөрүн уккандан кийин айылдагы акыркы 5-10 жылда капиталдык ремонт коробогон тике кудуктарды оңдоо үстүндө иш жургузулуп, КРнын суу чарба жана мелиорация комитетинен 12 даана жаны ЭЦВ -10-63-110 маркасындагы насостор жана ошондой эле 16 даана башкаруу шиттери 1000 метр кабель берилип 16 тике кудук капиталдык ремонттон жана 3 тике кудук кезектеги ремонттон өткөрүлдү. Натыйжада буга чейин иштеген тике кудуктарын саны араңдан 15-16 жеткен болсо, бүгүнкү күндө 28 тике кудуктун иштөөсүнө жетишилди. Бул багытта жалпысы 2 млн. сомдун тегерегинде акча каражаты З. Жамалдиновдун түздөн-түз кийгилишуусу менен бөлүнүп берилди.

-Областтын аймагындагы чоң табият кырсыгы болгон Лейлек району тарапта жагдай кандай болууда?


- Лейлек районундагы катуу жааган селдин кесепеттерин жоюуда КРнын суу чарба жана мелиорация комитетинин төрагасынын чечкиндүү аракеттеринин негизинде Кулунду жана Ак-Терек каналдарын тазалоо үстүндө иш жүрүгүзүлүп 1млн. 126 миң сомдук жумуш аткарылып кум, шагыл толуп калган каналдар тазаланып кыска мөөнөттүн ичинде суу берүүгө жетишилди. Ошондой эле Кадамжай району боюнча да каналдардын капиталдык ремонтуна 7900 мин сомдук акча каражаты бөлүнүп берилип 14 км аралыктагы каналдардын ремонту, 30 даана гидротехникалык курулмалардын жана башка ирригациялык объектилердин ремонттору бүткөрүлдү.

Суу чарба жана мелиорация комитетинин төрагасы өзүнүн Баткен облусунда болгон иш сапарында Баткен бассейндик суу чарба башкармалыгынын балансында турган техникалардын абалын көрүп алардын паркын жаңылоо ремонттоо иштерине көңүл бурууну тапшырды. Мындан тышкары Баткен БСЧ башкармалыгынын алдындагы техникалар башка жерлерге барып иштеп келишип. бирок ал ишканалар техникалардын иштеп тапкан каражатын бербей жүрүшкөндүгүн айткан элек, бул боюнча көмөк көрсөтүп кыска мөөнөттүн ичинде карыздарды өндүрүүгө көмөк көрсөтүү менен 1 млн. сомго жакын акча каражатынын өндүрүп берди. Натыйжада, буга чейин 3 эле техника иштеп турган болсо, бүгүнкү күндө 12 техниканын иштөөсүнө жетишилди. Мындан тышкары Баткен бассейндик суу чарба башкармалыгына “Нива-Шавроле” маркасындагы автоунаа бөлүнүп берилди.

Албетте кандай гана кыйынчылык болбосун жетекчилик акыйкат башкарып, туура чечим кабыл алса иш алга жылат эмеспи. КР Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин бардык жерде кадрларды дайындоодо туура тандап, өз ишин билген жетекчилерди алып келиши азыркы Өкмөткө бир топ аброй алып келүүдө. Суу чарба жана мелиорация комитетине З.И.Жамалдиновдун келиши мунун бир гана мисалы. Иштин көзүн билген инсандын келиши менен өзгөчө стратегиялык аймак катары Баткен облусунун суу чарба тармагынын кескин түрдө жакшырышына өбөлгө түзүлдү. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйылкы жылы суу менен камсыз кылууда бир топ жылыштар пайда болуп Баткен эли ыраазычылыгын билдирүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу